Акыркы макалалар

Бүгүн Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде “КИЙИЗ+FILZ” эл аралык көргөзмө өткөрүлөт

Бүгүн Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде “КИЙИЗ+FILZ” эл аралык көргөзмө өткөрүлөт

Бүгүн Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде “КИЙИЗ+FILZ” эл аралык көргөзмө өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган музейдин басма сөз кызматынан Айдай Асангулова билдирди.

“Кийиз байыркы буюм, ал кыргыздар баштаган көчмөндөрдүн жашоо турмушунан улам дүйнөлүк маданиятка кирген. Анын табигый тегин кыргыздын кол өнөрчү-устаттары кылымдар бою изилдеп, өнүктүрүп келишкен. Ал эми кийизди иштетүү техникасы жана өндүрүү ыкмасы көп түрдүү. Эң негизгиси бул буюмдан жасалгандардын саны барган сайын көбөйүүдө”,-деп билдирди А.Асангулова.

Жалпыбызга маалым болгондой, кийиз өзүнүн уникалдуулугу менен бүткүл дүйнөлүк заманбап чеберлердин жана сүрөтчүлөрдүн чыгармачылыгында керектүү буюм катары саналып келет.

Аталган көргөзмөдө Wollknol германиялык кийиз мектебинин доценттеринин жана бүтүрүүчүлөрүнүн, Германия Голландия, Люксембург жана Кыргызстандын салттуу чеберлеринин жана заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгектери сунушталмакчы.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...