Акыркы макалалар

Жылдан-жылга тоют өсүмдүктөрүнүн аянттары азаюуда

Жылдан-жылга тоют өсүмдүктөрүнүн аянттары азаюуда

Аймактардан алынган маалыматтарга ылайык, жылдан жылга тоют өсүмдүктөрүнүн аянттары азаюуда. Ошону менен бирге жаан-чачынды аз болушунан, суунун аздыгынан 2014-2015-жылдары малга тоют даярдоо маселесинде өтө оор абал жаралды. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча ири мүйүздүү малдын 1 шарттуу башына 1,63 центнер тоют бирдиги даярдалып, тоют 10,6 пайызга камсыздалган. Бул көрсөткүч төмөн болуп жатканы кесек, ширелүү тоюттардын жана дан фуражын даярдоо али аяктай электигине байланыштуу.

“Азыркы учурда чөптүн 1 түгүнүн баасы аймактарда өсүүдө. Баткен облусунда 120-130 сом, Жалал-Абадда 150-180 сом, Ысык-Көлдө 135-180 сом, Нарында 150-200 сом болсо, ал эми Чүй облусунда 100-130 сомдун тегерегинде болууда”,-дейт Ж.Керималиев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...