Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан ок атуучу куралдарды сактоочу жайлар табылды

Облуста «Арсенал» ыкчам иликтөө иш-чарасынын алкагында облустук ИИМдин кылмыш иликтөө башкармасынын ыкчам иликтөө кызматкерлери, Каракол ИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери менен бирдикте ок атуучу куралдар сактоочу жай табышты. Ал Караколдун бир көчөсүндө курулушу бүтө элек үйдөн 16 мм калибрдеги кесилген мылтык жана бытыра дүрмөтү бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын билдирүүсүндө катылган ок атуучу курал, кылмыш жасаганы үчүн камалып тергөөдө жүргөн Ак-Суу районунун тургунуна тиешелүү экени белгилүү болду.

Мындан сырткары «Арсенал» ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Ак-Суу ИИБнин тилкелик инспекторлору Ак-Суу районунун Энчилеш айылынын тургунунун үйүнөн 5,6 мм калибрдеги ТОЗ-8 мылтыгын табышкан.

Учурда мыйзамсыз сактоодо жүргөн ок атуучу куралдар алынып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...