Акыркы макалалар

Т. Мамытов: “Кыргыз студенттери Оксфорд, Гарвард университеттери менен атаандашууга убакыт келген”

Кыргызстандан окуу жайды бүтүргөн студенттер Гарвард, Оксфорд университтеринин бүтүрүүчүлөрү менен атаандашууга убакыт келген. Кыргыз жарандарынын потенциалы чоң. Бул тууралуу “Мекендештерр-2014” аталышындагы форумда “Google” компаниясында иштеп жаткан Кыргызстандын жараны Тилек Мамытов билдирди.

Анын айтымында чет өлкөдө мыкты кызматтарда иштеп жүргөн айрым адистер Кыргызстандан билим алып кеткендер.

“Мен негизи билимди, тарбияны өз өлкөмөн алгам. Тактап айтканда, Борбордук Азиядагы Америка Университетин бүтүргөм. Сынак аркылуу аталган компанияга өткөм. Мен өзүмдүн иш тажрыйбамда бир нерсени түшүндүм. Менин деңгээлим менен ал жердеги адистердин деңгээли бирдей экен. Башка мыкты окуу жайдан келген адистер менен эркин иштеп, ошондой эле өз идеяларымды, сунуштарымды таңуулап келем. Кыргызстандагы интернет тармагындагы иштерди алдыга жылдыруу үчүн компаниядагы долбоорлорду ишке ашырууга аракет кылуудамын”,-дейт Т.Мамытов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...