Акыркы макалалар

"Азаттыктын" иликтөөсүнүн негизинде даректүү тасма тартылууда

Улуу Британиялык продюсер Фред Грейси “Азаттыктын” “Ысык-Көлдүн кумга сиңген миллиондору” деген аталыштагы иликтөө макаласынын негизинде даректүү тасма тартууда. Аталган макалада Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна “Кумтөрдөн” бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдалануу фактылары, ушуга чейин бир дагы кызмат адамы жоопко тартыла электиги, дирекцияга берилген мектеп, бала-бакча жана социалдык объекттердин курулушу аягына чыкпай турганы жазылган. Тасма Кыргызстандагы “Өмүр дарагы” коому менен бирдикте тоо-кен тармагындагы ачыктыкты камсыз кылуу долбоорунун негизинде тартылууда.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...