Акыркы макалалар

Нарын облусунда "Мыкты журналист 2014" кароо сынагы жарыяланды

Нарын облусунда "Мыкты журналист 2014" кароо сынагы жарыяланды

КРнын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан "Мыкты журналист 2014" кароо сынагы жарыяланды. Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповтун басма сөз катчысы Барктабас Белеков билдирди.

Сынак Нарын облусундагы коомдук саясий, экономикалык маданий өзгөрүүлөрдү жер жана агрардык реформалардын жүрүшүн, социалдык жана өндүрүштүн бардык тармактарындагы саамалыктарды, алдыңкы тажрыйбаларды жеке демилгелерди, мыкты башталыштарга үндөгөн макалаларды даярдоодо жана чагылдырууда журналисттердин, кабарчылардын чыгармачылык шык, таланттарына өбөлгө максатында уюштурулган.

Сынактын жыйынтыгын аныктоого атайын жергиликтүү басма сөз кызматынан, өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнөн, элдик революциянын кыймылынан, телерадио корпорациясынын өкүлдөрүнөн атайын көмиссия түзүлгөн.

"Учурда сынактын Жобосу иштелип чыгып, анда массалык маалымат каражаттарында эмгектенишкен облустук, райондук кесипкөй журналисттер үчүн 10 сыйлык 1-орунга 10 миң сом, 2-орунга (2 сыйлык) 5 миң сомдон, 3-орунга (3 сыйлык) 3 миң сомдон 4-орунга (4 сыйлык) 1 миң сомдон. Республикалык массалык маалымат каражаттарынын облустук кабарчылары үчүн 6 сыйлык уюштурулуп анда 1-орунга (1сыйлык) 10 миң сом, 2-орунга (2 сыйлык) 5 миң сомдон, 3-орунга (3-сыйлык) 3 миң сом байге коюлган - деди Б.Белеков.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...