Акыркы макалалар

КТРКнын 4 жылы жана жаңы жетекчи

КТРКнын 4 жылы жана жаңы жетекчи

КТРКнын Байкоочу кеңеши 24-июль күнү Султан Жумагуловду мекеменин башкы директору кылып шайлады. 2010-жылы 7-апрелде таш-талканы чыккан коомдук каналдын башына келген Кубат Оторбаев 4 жыл ичинде канал үчүн кандай иш жасагандыгын ар ким ар кандай баалайт. Мурунку жетекчини сындагандардын арасында негиздүүсү дагы бар же кандайдыр бир саясий оюнду, жердешчиликти көздөгөн сын-пикирлер дагы бар. Бирок, замандын агымынан артта калбастан эл катары ишин кылып келди. Ал өз каалоосу менен жумуштан кетүүгө арыз жазган Оторбаев быйыл декабрь айында директорлук мөөнөтү бүтөөрүн белгилеп, ага чейин Байкоочу Кеңешке жаңы жетекчини тандоого мүмкүндүк берүү үчүн ушундай кадамга барганын билдирген. Жаңы кызматка жаңы шайланган Султан Жумагулов өткөн жылдын ноябрынан тарта ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясын башкарып келаткан болчу.

КТРКнын 4 жылына кандай баа бересиз? Жаңы жеткчини кандай кабыл алдыңыз?

Илим Карыпбеков, Байкоочу кеңештин төрагасы:

--Кубат Табалдиевич 4 жыл ичинде жакшы иштерди дагы жасады, кемчиликтерди дагы кетирди, албетте ар бир иш кемчилик менен коштолот эмесби. Кубат Оторбаевдин эң башкы оппозиционери катары мен көп сындарды айтып жүрдүм. Жаңы директорлук кызматка буга чейин КТРКнын директорунун орун басары болуп иштеген Кубат Болотканов менен ЭлТРдин директору болуп эмгектенип келген Султан Жумагуловдун талапкерлиги көрсөтүлүп көпчөлөк добуш менен Султан Жумагулов шайланды. Жаңы жетекчини бул кызматына чейин көптөгөн жоопту жерлерди иштеген, ишин жогорку деңгээлде аткарган мыкты кызматкер катары тааныйм. Коомдук каналдын мындан ары өнүгүшүнө болгон күчүн жумшап, коомчулуктун колдоосуна ээ болот деп терең ишенем.

Шайырбек Абдрахманов, ЭлТРдин мурунку директору:

--Кубат мырза да колунан келишинче иштеди. Маданият,Баластан жана Музыка деген сындуу каналдарды ачты. Кемчилик кимде болбойт. Албетте ар кимибиз сыяктуу эле пенде кемчиликсиз болбойт. Султан мырза да иштеп көрсүнчү анан баа берээрбиз.

Тынчтыкбек Кожобеков, журналист:

--Кубат Оторбаев менен мен тыгыз иштешкен жокмун. Ал киши КТРКда кабелдик каналдарды ачты. Радио жыштыктарды ишке киргизди. Кадрларды чет жака жиберип окутту. Футбол көргөздү... Айрым мыкты кадрлардын кызматын жакшы пайдалана алган жок. Кээ бирлерди байкабай гана кете берди. Кыскасы Кубат Оторбаев иштеп турганда көөп адамдар көөп иштерди жасашты. Аларды элдер көрдү! Мисалы,“Сармерден”, “Ааалам сырлары”реалити-шоусу көөп аудиторияны жыйнап берди.Ал эми Султан Жумагулов агай кандай жетекчи экенин айта албайм. Мен баамдаган сапаты ал сөздүн так жана туура пайдаланылышына катуу көзөмөл кылып кыргыз тилин байытууга салым кошуп келет. Телеведение жактан мыкты медиа жетекчи же андай эмесин иштегенде көрөбүз да. Анын үстүнө агайды сындай турган деңгээлге жете элекпиз.

Түп нускага шилтеме : www.de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...