Акыркы макалалар

Азия оюндарына катышуу үчүн Шевченколорду Кыргызстандын курамасына чакырышты

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчилиги бир туугандар Антонина менен Валентина Шевченколорду Инчхондо өтүүчү Азия оюндарына чакырууну пландап жатышат. Бул тууралуу агенттиктин директору Кадырбек Эргешов билдирди.

Анын айтканына караганда, учурда спортчулардын машыктыруучусу Павел Федотов менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азия оюндарында Валентина ушу-саньда боюнча, Антонина бокс боюнча мелдештерге чыкмак. "Мелдеш башталганга чейин дагы эки ай убакыт бар, эгер кыздар макул боло турган болсо жарандык жана башка документтерге байланыштуу маселелерди тез аранын ичинде чечебиз", - деди Эргешов.

Эске салсак, акыркы жылдары Шевченколор Перу мамлекетинин желегин желбиретип келишет.

Кыргызстан курамасынын алдын ала түзүлгөн тизмегине ылайык, ага 124 киши кирген анын ичинен 80 спортчу 30 тренерлер.

Белгилей кетсек, акыркы Азия оюндарында кыргызстандыктар беш медаль алышкан. Алтын медаль Данияр Көбөнов, күмүштү – веложарышчы Евгений Ваккер жана күрөш балбаны Каныбек Жолчубеков. Коло медалдарды кайык менен сүзүүчү Александр Парол жана күрөш балбаны Жанарбек Кенжеев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...