Акыркы макалалар

Жаштар арасында сурамжылоо жүргүзүлдү

"Жаштар бош убакытын кандайча өткөрүшөт?" деген темада 20-21 июлда Бишкекте "Бир Бол" мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынын жаштар комитети жаштар арасында сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоонун максаты – азыркы жаштардын эмнеге кызыгаарын, эмне менен алектенээрин билүү, мындан башка Кыргызстандын тарыхы боюнча алардын билим деңгээлин аныктоо. Ал эми жашыруун түрдө алкоголдук ичимдиктерди ичүүсү жана тамеки тартуусу боюнча бир нече суроолор узатылды. Алынган маалыматтарга жараша "Бир Бол" партиясынын жаштар комитети ар бир маселеге көңүл буруп, бир топ маданий жана ден-соолукту чыңдоочу иш-чараларды өткөрмөкчү. Сурамжылоонун жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат.

"Бош убакыт, эс алуу инсандардын калыптануусунда зор роль ойнойт. Убакытты туура колдонуу бир тараптан адамды физиологиялык жана психологиялык жактан өнүктүрсө, экинчи тараптан, анын коом менен болгон байланышын арттырат. Бош убакытты пайдалуу өткөрүүнү психологиялык жактан алып караганда, адамга коопсуздук сезимин, сый-урматты, жаратмандыкты жана өзүн өнүктүрүүнү алып келерин көрө алабыз", - деп айтышат уюштуруучулар.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...