Акыркы макалалар

Тажикстанда жаңы социалдык тармак иштей баштады

Тажикстанда vipnet.tj деген аталышта ата-мекендик жаңы социалдык тармак иштей баштады. Бул сайт өлкөдө бир канча күндөн бери жабык турган odnoklassniki.ru тармагына альтернатива болмокчу.

Жаңы социалдык тармактын негиздөөчүсү жергиликтүү программист Ганижон Саломзода 23-июль күнү журналисттерге билдиргендей, vipnet тармагында экстремисттик маанайда жазылган жана этикага сыйбаган билдирүүлөр чыгарылбайт. Андан сырткары сайт тажик менталитетине, салт-санаасына туура келбеген пикирлерге, видео жана сүрөттөргө да тыюу салат. Бирок тажиктердин салт-санаасына кандай билдирүүлөр дал келбей турганы тууралуу айтыла элек.

Тажикстанда жарандардын басымдуу бөлүгү колдонуп келген odnoklassniki социалдык тармагы бир апта мурун иштебей калган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...