Акыркы макалалар

Бүгүн Бишкекте күн 30 градус ысып, 14 метрге жеткен шамал болот

Бүгүн Бишкекте күн 30 градус ысып, 14 метрге жеткен шамал болот

Бүгүн, 24-июлда Бишкекте күндүз күн күркүрөйт, бирок жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы күндүз +28...+30 градус, түнкүсүн +19...+21 градус болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ал эми Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорундо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...