Акыркы макалалар

Голландияда авикырсыкта мерт кеткендер үчүн бүгүн аза күтүшөт

“Боинг-777” учагында мерт кеткен 200гө жакын голландиялык жарандын элесине бүгүн өлкөдө аза күтүү күнү жарыяланды. Бул тууралуу премьер-министр Марк Рютте билдирди:

Уруп түшүрүлгөн авиалайнерде каза тапкан голландиялыктардын сөөктөрү 23-июлдан тарта мекенине алып келинет. Кырсыкта кайтыш болгондорду бүгүн бүт өлкө кайгыруу менен эскерет.

Авикырсыкта апаат кеткен 298 адамдын 193ү голландиялыктар болгон. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары окуяны иликтөөгө 200дөн ашуун орган өкүлдөрү киришкенин билдирди. Соңку маалыматтарга карагандай, учурда 282 кишинин сөөгү табылган.

Украин өкмөтү жана Батыш өлкөлөрү учак орусиячыл жикчилер тарабынан ракета менен атып түшүрүлгөн деген ишенимде турушат. Кыйраган учактын “кара кутусундагы” маалыматтар Британияда текшерилери 22-июлда кабарланган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...