Акыркы макалалар

Каракол шаарындагы ички маршруттук каттамдын айдоочулары жол кирени жогорулатууну талап кылышты

Каракол шаарындагы маршруттук каттамдын айдоочулары кечээ, 22-июлда машруткага болгон төлөм акыны жогорулатууну талап кылышты, буга байланыштуу алар каттамга 2 сааттай кеч чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Каракол муниципалдык жүргүнчүлөр автобазасынын жетекчиси Искендер Шаршекеевдин билдирүүсүндө, айдоочулар мындай кадамга барууга мажбур болушууда.

«Мындай кадамга барууга аргасыз болуп атышат. Себеби, айдоочулардын эсеби боюнча 9 сом 96 тыйын болууда. Башка шаардын бары жогорулатпадыбы. Биздики дагы деле 7 сом. Ал актабайт. Ал эми пенсиядагы адамдар 5 сом төлөйт. Кышкысын солярка 50 сомго чейин чыгат. Бул такыр актабай калат», - дейт ал.

Маршруттук каттамдын айдоочулары ишти кеч баштаганына байланыштуу айрым тургундар жумуштарга кечигишкендигин билдиришүүдө.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...