Акыркы макалалар

“Ачинск” нефтини кайра иштетүүчү заводдун жарылуусунун кесепетинен Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы жогорулады

Россиядагы “Ачинск” нефтини кайра иштетүүчү заводдун жарылуусунун кесепетинен Россиянын рыногунда мунайпродукт дефицити пайда болгон. Натыйжада Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майдын баасы дагы жогорулады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйында КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында жай мезгилинде отунга болгон керектөөлөр жогорку деңгээлге жетип, бардык заводдор максималдык кубаттуулукта иштейт. Ошондуктан артыкча кубаттуулук жана резервдердин жоктугунан кандай гана өзгөчө кырдаалдар болбосун, дефициттин пайда болуусуна жана анын натыйжасында мунайпродуктыларды кайрадан бөлүштүрүүгө, балаардын жогорулашына алып алып келет.

“Айрыкча Кыргызстанга мунай менен камсыздоочу 3 ири нефтини кайра иштетүүчү завод бар. Алар Омск, Орск жана Салават заводдору.Ошондуктан аталган кырсыктын кесепети биздин өлкөгө дагы кесепетин тийгизүүдө”,-дейт У.Кулов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...