Акыркы макалалар

Ак-Талаа районунда мал догдурлар жетишсиз болууда

Ак-Талаа районунда быйылкы жылы 73 миң 888 кой-эчки кара өпкө ылаңына каршы эмдөөдөн өттү. Азыркы тапта, 4 айылдын малдары гана эмдөөдөн өтө элек. Бул тууралуу Ак-Талаа райондук фитосанитардык жана ветеринария башкармалыгынын жетекчиси Дайыркул Сатымкулов билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы Ак-Талаа районунда чөп начар жана жер кургакчыл болуп мал ылаңы катталды. "Мал ээллери дарыларды өз каражаттарына сатып алып жатышат. Кара өпкө ылаңы Коңурчок айылында башталган. Алдын ала дарылоо жүргүздүк. Ошондуктан бул оорулардан бир дагы мал өлгөн жок. Учурда кара өпкө оорусу боюнча элге түшүндүруү иштерин жүргүзүп жатабыз", - дейт ал.

"Ак-Талаа районунда мал көп. Бирок, мал догдурлар жетишсиз болууда. Себеби районго мал догдур болуп келип иштейм деген жаштарга шарт жок. Ошондой эле айлык дагы өтө аз", - деп кошумчалады Сатымкулов.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...