Акыркы макалалар

Турмуштан тамган тамчылар

Турмуштан тамган тамчылар

Сагынган курсташ, сыйкырлуу кызыл таш, айтылып бүткөн сүйүү ж. б. жөнүндө

- Адегенде он миң доллар деп аткан стоянка үчүн эки миң доллар төлөп, эки-үч күндөн кийин сегиз миңин алып келсем, Ырысбектин алкымы араандай ачылып он эмес, он беш миң төлөгүлө деп калыптыр. Ой ботом, он беш миңге стоянка эмей эле жер участок сатып алып там салганым оң эмеспи! Акчамды кайра алып кеттим, - деген сары чийкил келин тогузунчу кабаттагы квартирасын ремонттоп жатышканын, жаңы үйдүн курулушу чала бүтүп жатканын, сабаттуу, оозунда сөзү бар аялдар чогулуп, тыкылдатып туруп гана курулушту акырына чейин карап бүткөрүп алуубуз керектигин саймедиреп жатты. Курулуш кожоюну келет дегенинен эки-үч аял арманыбызды айтып калалы деп күтүп турдук. Келбеди.

Жетинчи кабаттагы Света эже толук көчүп келиптир. Жаңы үйдө жарык, муздак суу бар. Биз качан көчүп келээр экенбиз? Акыркы ар бир күнүм, ар бир түйшүгүм ушу көчүп келе турган үйгө байланышкан.

***

Кызым Айгерим быйыл орто мектепти жакшы аяктап, жаздан бери эле жогорку окуу жайларга тапшырып, баарына эле өтүп жатат. Бюджети да, контрагы жетиштүү болду. Эсептеп көрсөк, сегиз окуу жайга тапшырып өтүптүр. Болду кызым, эми бирин тандап оку деп жатам. ОРТдан алган баллы 191 экен. Кантээр экен деп "мен сени алтын медаль менен бүтөт экен деп жатса..." деп койсом, "алтын медалды деле алып коймокмун, эгер..." деп кызым экөөбүздүн көп жылдан берки ишке ашпай келаткан эңсөөбүздү айтты. Ичимден сызып калдым... Антсе да баары жоктун баарына көзү жеткен, жакшы окуган, тырышчаак, өзүмө окшош бирок мага караганда назик, жашоодо өбөк-жөлөк болуп келаткан кызымдын он сегизге толгонуна кээде ишенбей кетем. Кичинесинде апапакай, болтойгон жоош кыз эле. Эки жарым жашында айылдагы чоң энесиникинен келгенде сары майды кашыктап жеп жүрөктү түшүргөн. Кудай ден соолук берсе окуйт дечи, ага караганда багынан айтса экен...

****

- Эй Аскер, кандайсың? Мен эртең менен сага барып калам, - деди телефондон эзелки тааныш үн. - Деги келчи, жылыга шаарга келгенде барам дейсиң да анан жоксуң, - дедим. Чын эле, он тогуз жылдан бери көрүшө элек курсташым Ала-Букадан келип, мына барам, ана келем деп, бирок келалбай жатканына биртоп болгон. Эртеси чын эле келди. Бала кездегидей эле кичине, арык келин болуптур,университетти бүткөндөн бери көрүшө элек Гүлжан Абдыкадырова деген группалашым. Сагыныша көрүштүк. Гүлжандын такыр моюбаган, тамашакөй мүнөзү эч өзгөрбөптүр. Мен аны көтөрүмдүү, тамашакөйлүгү үчүн жакшы көрөр элем. Эки уул, бир кызы бар экен. Мектепте мугалим болуп иштеп, каникулда шаарга келиптир. Үй-бүлө, бала-чаканы териштирип болгон соң, курсташтарды эстеп, кийинки жылы университетти бүткөнүбүзгө жыйырма жыл толоорун, аны белгилейбизби-жокпу, азыр ким каякта экенин сүрүштүрүп кирдик. Капырай, жылдардын санынан үрөй учкан, биздин да жашыбыз өтүп баратканын билгизген мындай кездешүү биртопко уйгу-туйгу кылды...

***

- Орозо оокаты жоктун, намаз иши жоктун жумушу экен дегенди Илимдер академиясынан тээ 20- жылдардагы бир кол жазмадан окугам деп калды Разак байке.

***

- Эт керекпи, эже?

- Керек болбогондочу! Э айланайын Сейил, уятыбыздан эле сурай албай жатпайбызбы! Болсо эле берип ийгиле! - деп этти укканда эт-бетимен кеттим. - Биз Ак-Сайга жездем менен барып келгенбиз. Ошол жактан эт, кымыз ала келип, элдин оозун ачырдык. Анан байкемдин бир боругун ала келгенбиз, силерге союп берип жиберели дегенбиз. Инимдин келинчеги беймарал сүйлөп жатты. Этти угуп сүйүнүп кеткеним менен орозо башталганы апам менен сүйлөшө электигим эсиме түштү. Келиндин отчетун токтотуп, телефонду апама берчи дедим. Өз күнөөмдү сезип, эмнеге чалбайсың деп сурачудай апам менен шашып сүйлөшүп жаттым. Мурда капа болсо үнүнөн билчү элем, азыр эч нерсе байкай алган жокмун. Апам менин ден соолугума, балдарыма, бүтпөй жаткан үйгө сабылып жатты. Апам мага канчалык өнтөлөгөн сайын уятым чыдатпай, эмнеге мурдараак сүйлөшө албагандыгымдын да себебин таап айтып, убада берип коюп, бирок аткара албай жаткан нерселерди да айтып актанып ийдим. Апам менен сүйлөшүп бүткөн соң "эми ушундай ысыкта этти кантип жыттантпай берип жиберишээр экен? Балким жаңы чөпкө ороп беришээр" деген ой келди. Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада деген ушу го.

***

Ак шейшемби, сыйкырлуу кызыл таш, жоон атыш (толстый свой), көктөгү көңүл, айтор баары мыкты болду да...

***

- Мобу кафелдерди мынабу жерге чейин аласың, антпесе трубанын кайсы жеринен суу агып жатканын көрө албайбыз, - деди мурутчан байке. - Байке, кокус бул жердин трубасы бүтүн болсочу!? Анда эмне, менин жасаган ремонтум талаага кетеби? Же силер кайра жасап бересиңерби?- деп чырылдап жаттым. - Башкалардын бардыгын текшердик, сеникине келгенде эле төртүнчү кабаттан суу атып жатпайбы, демек труба ушу жерден жарылган. Кафелди ачпасаң трубаны биз кантип көрөбүз? -деди баятан унчукпай турган Жапар байке. Ындыным өчүп туруп калдым. Айла жок, канча айдан бери ремонтун бүтүрүп, эми көчүп кирем деп жатканда ваннанын ремонтун бузуш оңой бекен... Тигилер эми биринчи күнү келебиз деп кетип калышты. Эми буз десе бузабыз да! Жасабай жүргөн иш беле! Өзүмдү колго алып телефондон ремонт жасаган инимди чакырдым. Ал келип кафелди чага баштаганда эмнегедир улкунуп-жулкунуп берки бөлмөлөрдүн полун жууй баштадым. Туура бир жарым сааттан кийин тиги труба көрүндү. Аңырайып ачылган дубал көзүмө жаман көрүнүп, иним экөөлөп ваннаны да тазалап чыктык. Ошол күнү эртең мененки тогуздан кечки алтыга чейин отурбапмын. Алда неге көңүлүм муздап, үйгө келип эле бүк түштүм...

***

- Кандайсың? Мени тааныдыңбы?

- Сиз ким элеңиз?

- Бая бийлик алмашканда баланчанын жардамчысы болбодум беле, эстедиңби?- Ии, эстедим, өзүңүз жакшы жүрөсүзбү? - Жакшы эле, мен дароо маселени айтайын анда... Эски таанышым Чүйдүн бир жеринде жер талаш болуп жатканын, ал жерди бир депутат сатып алганын, бирок эл нааразы экендигин, тиги депутатка бийликтин да фракция лидеринин да көзү түз эместигин, алтургай Башкы прокуратурада ага байланыштуу документтер жатканын, нааразы элдин артында Чүйдүн кандай "чүйгүндөрү" тургандыгын, менден болгону ушу маселени кенен чагылдырып берүүмдү, анын акысына кийин ошо жерден бир участок тийээрин айтып тили-тилине тийбей сүйлөп жатты. - Азыр нааразы болгон эл Башкы прокуратура алдында чогулуп жатат, бир кабарчыңды жибере кал! Маалыматты кимден алыш керектигин да айтып коеюн деп бирөөнүн аты-жөнүн айтты. Көрсө, биртоптон бери тынчыбай, маал-маалы менен эл чогулуп чыгып жаткан чырдын төркүнү биякта турбайбы. Демек, мурда бул жөнүндө биздин жазганыбыз чындык экен да... Бул сөздөр экөөбүздүн гана ортобузда калышын каалаган таанышым, эми менин реакциямды билүүгө ашыгып жатты. Мындай чыр маселеде биз бардык тараптын пикирин берерибизди, отпуска маалы болуп кабарчылар жетишпей жаткандыгын айтсам, маалымат бере турган адамды редакцияга чейин алып келээрин айтып жанталашты. Тим эле коюңуз деп телефонду коюп салдым. Мына, кезектеги сасык саясат! Ортодо элдин мээсин айланткандар ушулар экен да... Биртоптон кийин кайра чалып, жогорудагы сөз экөөбүздүн ортобузда эле калышын суранды. Өзү күткөндөй жооп болбогон соң, жогорудагыдай маалыматты мага бекер айтканын түшүнүп калды окшойт таанышым.

***

Жумушка келген сайын столумда турган "Жанжазаны" карап коем. Эс алууга чыксам бир жакшылап окуюн деп ойлоп жүрөм. Деги мен окуй турган китептер көп эле.

***

Уулум экөөбүз базар аралап баратсак Мессинин сүрөттөрү бар футболкалар, топтор жайнап чыгыптыр. "Сатып берчи" деп калды. Ал акыркы кезде Месси болгусу келип жүрөт. Мен да аны коштоп, "Месси сологой, сен да сологойсуң. Сологойлор акылдуу анан сол буту менен топту кыйын тебишет" деп койдум. Футболдун фанатчылыгы бизге да жетиптир, ломбардга машинесин калтырып акча алып, акчаны букмекердик конторага бир командага коюп, койгон командасы утулуп калганын билген бишкектик жаш жигит өзүн өлтүргөнү белгилүү болду. Капырай, адамдар мындайга кантип оңой эле бара калышат, таңгаласың. Баса, оюн башталганда бишкектик дагы бир мадырабаш букмекерге алдыда боло турган беш оюнда кайсы команда кандай жыйынтык менен утаарын санына чейин так айтып 300 сом койгон экен, айтканы айткандай чыгып, бала 800 миң сом утуп алганын кызым айтып келди. Буга кантип таңгалбайсың?

***

Акыркы кезде абыда-ан чарчап жүрөм. Телефон, телевизор, радио, гезит-пезит дегенди такыр өчүрүп, беш эле күнгө тоого барып, баш көтөрбөй уктасам, уйку канган соң бала кезде таятамдыкында жүргөндөй ат минип алып тоо араласам, кечинде жаңы союлган козунун этин казанга ырахаттана бышырып, эртең менен жаңы тартылган каймакты жаңы бышкан нанга сүйкөп, самоордун чайынан ичсең эмне деген керемет болоор эле деп ойлой берем. Анан эч ким сенден саясат, бийлик жөнүндө сурабаса. Ушу тапта мен эңсеген эс алуу ушул. Кээде ойлоп кетем, адамдын ичинде чогулуп калган чарчоолорду алып сала турган аппарат чыкса деп. Көлдү деле ойлойм дечи, эми ал жакка көбүнчө балдардын көңүлү үчүн барабыз да. Болбосо көлдө сүзгөндү билбеген мага анын кызыгы жок деле. Анүстүнө эл көп болгон жерде чарчаганың чындап кетип, эс аларыңа да ишенбейсиң.

***

Сүйүү жөнүндөгү мыкты ырды угуп келатам. Дегеле, арзуу, махабат ырларынын баары, болгондо да жакшылары жазылып, ырдалып бүтүп калган окшойт. Ошон үчүн акыркы убакта сүйүү тууралуу жакшы ыр, обон жаралбай жаткандай. Ошон үчүн эски ырлар гана бийик, угумдуудай сезилет. Же мага эле ушундай сезилип жатабы?

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...