Акыркы макалалар

Сугат каналынан киндиги кесилбеген ымыркайдын жансыз денеси табылды

Чүй облусуна караштуу Кемин районунда сугат каналынан жаңы төрөлгөн, киндиги кесилбеген ымыркайдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы каналдын суу бөлүштүрүүчү аймагынан жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылган. Ал тону жана киндиги кесилбеген абалда болгон. Азыркы тапта аталган окуя боюнча соттук медициналык жана соттук биологиялык экспертиза дайындалган жана кылмыш иши козголгон.

Ал эми милиция кызматкерлери, жакын жайгашкан айылдардан ымыркайдын энесин издеп жатышат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...