Акыркы макалалар

Баткен облусуна караштуу Караван айылында бала бакча ачылды

Учурда Ош обулусунда шайлоочулары менен жолугушуп жүргөн КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына жанаша жайгашкан Караван айылындагы жаңы 100 орундуу бала бакчаныны ачылыш аземине катышты.

Кызыл-Кыя шаарынын вице мэри Эрмекбай Топчубаевдин айтымында, 47 миң адам жашаган Кызыл-Кыяда бала бакча менен камсыз болуу 60% га жетип калган. Эми аталган шаарга караштуу, 14 миң тургуну бар Караван айылында жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы, заманбап үлгүдөгү бала бакча ачылды. Бала бакча орус жана кыргыз тилин бирдей алып жүрөт.

"Бул ишти аткарууда бир бөлүгүн түрткү берүүчү гранттан каржыланды. Биздин кайрылуубуз боюнча Төрөбай Зулпкукаров каржатты өз убагында бөлүнүүсүн көзөмөлдөп берди, буга балдардын ата энелери ыраазы", - дейт Топчубаев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...