Акыркы макалалар

Кыргызстанда жаңы типтеги билим берүү стандарттары киргизилүүдө

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дайындалган "Кыргыз Республикасынын орто жалпы билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын" бекитти.

Ааламдашуу жана маалыматтык коомго өтүү шартында маалыматтын күргөөлдүү өнүгүүсү мектептик билим берүү тутумуна жаңы муундагы стандарттарды киргизүүнү талап кылат. Мында билим берүүнүн жөнөкөй түрдөгү маңызын жогорулатуу – билим берүүнүн заманбап талаптарына жооп бербейт.

Аталган документтин маанилүүлүгү катары билим берүү тутумунун окуучуга факты-материалды берүүдөн компетенттүү мамилеге өтүүгө багыт алуусунда эсептелет, ал окуучуларда компетенттүүлүктүн иштелип чыгуусуна шарт түзүп, өз кезегинде аларга алган билимин, тажрыйбасын жеке адистик жана коомдук маанилүү абалда пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Жаңы типтеги Улуттук рамкалык стандарт (куррикулум) жалпы билим берү уюмдарындагы билим берүү натыйжасын стандартташтырууга багытталган. Ал өзүнө бүтүрүүчүлөрдү даярдоо сапатына карата негизги талаптарды аныктоочу норма жана эрежелеринин, окуучулардын окуу көлөмүнүн жыйындысын жана башкаларды камтыйт

Куррикулум заманбап коомдун талаптарына ылайык келген билим берүү сапатын жогорулатууга шарт түзөт.

Мектептик билим берүү тутумун жыйынтыкка багытталган принципке баш ийдирилиши жаш муунга келечектүү жана ийгиликтүү ишмердүүлүк менен алектенишине мүмкүндүк берет.

Белгилей кетчү нерсе, куррикулумдун жаңы предметине ылайык келген окуу-усулдук комплекстерди басып чыгарууга кетчү каражаттарды Дүйнөлүк Банктын "Билим берүү секторун реформалоого колдоо көрсөтүү" жана Азия Өнүктүрүү банкынын "Билим берүү тутумун чыңдоо" долбоорлор алкагында камсыздоо пландаштырылууда".

КР Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, компетенттүү билим берүүгө өтүү дүйнөлүк билим берүүнү өнүктүрүү жаатындагы бирден-бир маанилүү багыттары катары саналат.

Кабыл алынган токтомго ылайык, Мамлекеттик билим берүү стандарты баскыч-баскычтуу түрдө ишке киргизилет, ал Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү тутумуна жаңы муундагы стандарттарды ырааттуу түрдө киргизүү боюнча иш-чаралар планына жараша ишке ашырылат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...