Акыркы макалалар

Жумгал районунда жеке менчик жактар үчүн чектөөсүз интернет кызматы тартылды

«Кыргызтелеком» ААКнын Нарын облустук филиалынын Жумгал районундагы бөлүмү «Долон 128» жана «Долон 126» жаңы тарифтик планы менен JET маркасындагы ADSL технологиясынын чектөөсүз Интернети келди. Бул тууралуу аталган филиалдын Жумгал районундагы бөлүмүнүн башчысы Эсенгелди Кыдырбаев билдирди, деп кабарлады аймактык кабарчы.

Анда чексиз интернеттин абоненттик төлөбү айына болгону (салыктарды кошкондо) 128 кбит/сек. 850 сом болсо, 256 кбит/сек. ылдамдыктагы интернет тармагы 1450 сомду түзгөн. Кошумча модем сатып алуу 1 миң сом болсо, Wi-Fi интернет чачыраткыч аппаратын кошуу 1 миң 500 сомду түзөт (чектөө аралыгы 50 метр).

«Бул кызматтар менен чексиз Интернет тармагын коштуруп алуу жеке менчик жактарга гана колдонулат (жергиликтүү калкка), ал эми юридикалык же болбосо мамлекеттик мекеме ишканаларга колдонууга болбойт. Ошондуктан Жумгал районунун тургундарына, көптөн күткөн чексиз интернет кызматы (безлимитный интернет) келди», - дейт Э.Кыдырбаев.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...