Акыркы макалалар

Кыргызстандагы керектөө минимуму 5 миң 11 сомго жетти

2014-жылдын II кварталы үчүн Кыргызстандагы жашоо минимуму калктын башына эсептегенде ай сайын 5 миң 11 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Эмгекке жарамдуу калктын орточо керектөө минимуму 5605 сом 58 тыйынды түзгөн, ошол эле маалда бул көрсөткүч эркектер үчүн - 5780 сом 9 тыйын, аялдар үчүн - 5584 сом 94 тыйын өлчөмүндө белгиленген.

Пенсия курагындагы калк үчүн керектөө минимуму орточо алганда 4 468 сом 76 тыйынга барабар болсо, балдар үчүн бул эсеп - 4 254 сом 36 тыйынга жеткен. Анын ичинде 0-7 жашка чейинки балдар үчүн - 3 764 сом 40 тыйын, 7-14 жаш үчүн - 4 422 сом 53 тыйын, 14-17 жаш үчүн - 4 836 сом 32 тыйын болду

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...