Акыркы макалалар

Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары түндүк-түштүк унаа жолунун айыл ичин аралап өтүшүнө каршы чыгышты

Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары түндүк-түштүк унаа жолунун айыл ичин аралап өтүшүнө каршы чыгышты

Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызыл-Жылдыз айылынын тургундары айыл аймагын аралап өтө турган түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолунун ички жол менен өтүшүнө кайчы-пикирлерин билдиришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын жергиликтүү жашоочулары маалымдашты.

Айыл тургундарынын айтымында, буга чейин айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаев тарабынан же болбосо айылдык кеңештин депутаттары Кызыл-Жылдыз айылынын борбордук көчөсүндө жайгашкан жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жана жолдун курулуш тармактарын кеңири тааныштырбастан, өз билемдик менен элдин атынан уруксат бердиртип, түндүк-түштүк унаа жолун айыл ичин аралап өтүшүнө макулдук берип коюшкан.

«Бизге ошол мезгилинде толугураак жол-жоболорун айтып түшүндүрүп беришсе биз башка кадамдарга бармак элек, себеби туурасы 16 метр болгон жолдун көлөмү айылдын ички жолуна чама-чаркы чак келбейт. Бизден мурунку айылда Көк-Ой, Аралдын жашоочуларынын турак-жайлары жолдон алыс, огородтору жол жакта, ал эми бизде тескерисинче огородторубуз ары жакта болсо, турак-жайларыбыз көчө жээкте. Азыр айылдын борбордук көчөсү 8 метр ага кошо дагы 8 метр кошулса, араң куруп алган турак-жайларыбыз менен короолорубуз, арык-суу каналдарыбыз, таза-суу, электр тармактары бүт бузулууга дуушар болот. Бул жолду айылды аралатпай эле сырткы айдоо аянт менен алып кетишсе болмок. Эл деген эл убагында туура түшүндүргөн жетекчилердин жоктугунан азыр нааразычылыка барып жатышат», - дейт жергиликтүү жашоочулар.

Бул боюнча айыл өкмөт башчысы Бектур Кыдырмаев: «өкмөттө акча жок, каражаттын жоктугунан улам ушундай кадамдарга бардык. Себеби айылдын чет жагы менен алып кетүүдө элдердин үлүш жерлерине компенсация берилиши керектелет, ага өкмөт каражат бөлбөйт. Алардын ар бирине 15 сотыйдан өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин кесип берип качан бүтмөк элем, бул жол айыл ичи менен өткөнү эле туура», - деди ал.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...