Акыркы макалалар

“Бечаранын абалын сурадыңбы, мен ошол жердемин”

“Бечаранын абалын сурадыңбы, мен ошол жердемин”

Коомубузда бала-бакырасынын жаркын жашоосуна түркүк болгон акылман карылар көп. Алар төрдүн көркү болуу менен турмуштун туткасын бекем кармап, сөөлөт-дөөлөтү, нарк-насили аркылуу жашообузга жарык чачып турары айныгыс чындык. Бүгүн биз турмуштун миң түйүндүү сырларын чече билген, көрөгөч, калыс, эмгекчил, 86 жаштагы Дубек атаны окурмандарга алып чыгууну көздөдүк. Дубек Укешов Жалал-Абад облусун-дагы Каракөл шаарынын Ак-Кыя – 2 участогунда жашайт. Жашоонун ачуусун да, таттуусун да көргөн, турмуштук кыйынчылыктарга чыйралып, чыдамкайлыкка көнгөн токпейил инсан. Андыктан төмөндө Дубек атанын санжырадай кебине чогуу кулак салалычы.

Бешенеме жазылган жазуу

Алла Таала ар пендесинин маңдайына ар кандай жазат экен.

Бирөөлөрүнө илим-билимди, мансап-дөөлөттү жазса, дагы бирине эмгекти жазат. Менин маңдайыма өмүр бою эмгекти жазыптыр. Быйыл сексен алтыга карадым, дале эмгектенмейин туралбайм. Кичүү уул-келиним менен турам. Эшикке чыгып, сырткы оокатты тейлеп коём. Бир арманым – окубай калганым. Окусам, билим алсам мындан да башкача болмокмун деп ойлоп калам. Өзүмдүн кырк үч жылдык эмгек стажым бар. Жаш кезимде Ата мекен үчүн Балтика боюнда аскерде курулуш батальонунда кызмат өтөгөм.

Балалыгым өтө оор болуп, согуш мезгилине туш келди. Беш бир тууган элек, жаштайыман башыман жаманчылык көп өттү. Он төрт жаштагы карындашым жакшынакай туруп эле каза болуп калды. Эки акемдин бирөөсү аскерге, андан ары согушка кеткен бойдон келбеди. Экинчиси кесилип кетип, түрмөдөн келгенден кийин ал да тиги жайга узады. Анан апам каза болду, аны көмдүм. Үч кыз, беш уулум бар эле, тун уулум Калыбектен, ага удаа байбичемен айрылдым. Байбичем Аманат аялдын мыктысы эле. Өмүрү аз экен, көз жуумп кеткенине сегиз жыл болду. Ушуга капа болуп, кейип калам. “Сахар” болчу. Азыр бирөөнү “сахар” десе жүрөгүм зыркырап кетет...

Баарынан да экинчи уулум Турусбектин капысынан кырсыктан көз жуумп кетиши мен үчүн өтө чоң сокку болду. Дүйнөдө балаңа куран окуудан өткөн азап жок экен. Турусбегим колунан көп иш келген, оттой жалындаган азаматым эле, кырк сегизге караганда жайрап калды. Ушундай өлүмдөр жүрөгүмдү сыздатты. Көтөрбөскө арга жок. Кайгымды тынымсыз эмгектенүү менен жеңүүгө аракет кылдым.

Чөнтөк телефонуна ыраазымын

Заман өзгөрүп, жашоо турмуш оорлоп, жумуш издеп көпчүлүк жаштар башка өлкөлөргө иштеп кетишти.

Үч кызым Россияда иштешет, ошол жактын жарандыгын алышкан. Жыл сайын эс алууга чыкканда бала-бакыралары менен келип турушат. Бир уулум алыскы Сахалинде иштеп жүрөт, үй-бүлөсү биякта. Баары менен чөнтөк телефон аркылуу тез-тез сүйлөшүп турам. Ушу чөнтөк телефонунун чыкканына абдан ыраа¬зымын. Жаныңда тургандай болуп сүйлөшүп, ка-ниеттенесиң. Кайсы убак болсун балдарым менен байланыша берем.

Кудай деген куру калбайт

Бала-бакырамдан 18 небере, 10 чөбөрө көрүп отурам. Кудайдын мунусуна ыраазымын. Кудайды эстен чыгарган болбойт.

Бирөөнү эч качан кемсинтип, шылдыңдабаш керек. Колдон келсе куран, намаз окуган жакшы. Анткени намаз ички дүйнөңдү тазалап, жашоодо ак болууга үндөп турат. Ушундан улам эл ичинде айтылган бир сөз эске түшөт... Бир аял ажыга барыптыр. Бирок ал келгенден

кийин ажыга бекер эле барыптырмын деп айтып, өкүнгөн экен. Ошондон кийин ал жыланга айланып калган дешет...

Ал эми басалбаган бир кары адамды туурап, шылдыңдап күлгөн эки кыз эшекке айланып калган деген да кеп бар.

Пайгамбар Кудайдан сурайт экен: “Кайсы пендени жакшы көрөсүң?” – деп. Анда Кудай: “Момунду!” – дептир. “А момунду кантип тааныса болот?” – деп сурайт пайгамбар. Анда Кудай: “Момундун төрт белгиси болот:

1) коркок (Кудайдан, жаман жолдон корккон);

2) бирөөгө көз артпайт, сынтакпайт;

3) таза жашап, өз эмгеги менен күн көргөндөр, бирөөнүн акысын жебегендер;

4) өзүнө, жашоосуна ыраазы болгон токпейил адамдар” – деп жооп бериптир Кудай.

Чаян Бир адам кетип баратса эки куйруктуу чаян астынан чыгыптыр. Бир куйругу күн батышты караса, экинчиси күн чыгышты карайт экен.

Тигил адам: “Сен кайдан чыктың, кайда баратасың?” – деп сураса чаян: “Жамандык кылган, бирөөгө кара санаган, киши өлтүргөн, бирөөнүн акысын жеген, кара мүртөз адамды издеп баратам”, – дептир. Ошондуктан чаяндын эки жакты караган куйругу болот экен...

Акча

Акча адамды сактап да калат, өлтүрүп да коёт.

Акчага өтө кызыгып, берилип кеткендердин арты жакшы болбойт. Акча менен байлык адамды бузат. Ошондуктан Кудай эс-акылың менен бол деп дайыма эскертип турат. Жамандык кылса да жакшылык менен жооп бериш керек. “Сабыр кыл. Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен бас. Ачууланба, жулунуп-жулкунуп урушпа”, – дейт экен.

Көзүң менен көрбөсөң, акылың менен тааны...

Пенде сурайт экен: “Кудай, сен кайдасың? Сенин дида-рыңды көрө албай жатам го?..

Анда Кудай: “Бечаранын акыбалын сурадыңбы? Мен ошол жердемин”.

Пенде: “Мен сенин жамалыңды көргүм келет”.

Анда Кудай айтат экен: “Менин жамалым тырмактын агынын төрттөн бир бөлүгүнөн да кичине, сен аны көрө албайсың. Кайсы жерде соопчулук, кайрымдуулук, боорукерлик болуп турса, мен ошол жердемин. А мен сени ар дайым көрүп турам”.

Кымбаттуу окурмандар! “Карысы бардын – ырысы бар” демекчи, мына ушундай кадырман карылардын көкүрөгүнөн чыккан алтындай кептерди кумдан алтын издегендей терип-тепчип, чогултуп алсак кандай сонун болмок. Кийинки муундардын жашоо-турмушуна пайдасы зор болот эле. Анткени сөздүн күчү керемет экени белгилүү го. Байыртан биздин ата-бабаларыбыз керемет сөздөрү жана тике карап койгон акылман көздөрү аркылуу таалим-тарбиянын түгөнбөс үрөнүн сээп келишкен турбайбы.

Айша АЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Сүрөт автордуку

Түп нускага шилтеме : www.kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...