Акыркы макалалар

Ат-Башы районунда иштеп жаткан кытай жарандарына айып салынды

Нарын облусунун аймагында «Экстремист» аталыштагы беш күндүк экстремисттик жана террористик уюмдарга каршы оперативдик-иликтөө жана алдын алуу иш чаралары жүргүзүлүп, анын алкагында чет элдик жарандар да текшерүүгө алынган. Натыйжада Ат-Башы районунда “ЖЕННАЗТЕМ” жоопкерчилиги чектелген коомунда иштеп жаткан Кытай Эл Республикасынын 43 жаранына КР Админстративдик кодексинин 390-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде 43 миң сом айып салынган. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз катчысы Медина Султаналиева билдирди.

“Ошондой эле диндер арасындагы жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу максатында жер-жерлердеги мечиттерде жана айыл-кыштактардын жашоочуларынын арасында терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Операциянын жыйынтыгында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өтпөгөн 54 мечит аныкталып, тез арада каттоодон өткөрүү боюнча Нарын облустук Казыятына атайын кат жиберилди”, - дейт М.Султаналиева.

Операция учурунда каттоодо турган Нарын шаарындагы 27 «Хизб-ут Тахрир» экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнүн ичинен 6 мүчөсү боюнча оперативдик-иликтөө жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, жекече профилактикалык сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Мындан сырткары “Хизб-ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү Нарын шаарынын тургуну 1969-жылы туулган Ж.Б. үйүн текшерүү учурунда экстремисттик материалдарга шектүү 5 даана китептер, 14 даана ДВД-дисктер, 12 даана баракчалар алынып, материал Нарын ОИИБнын кылмыштарды каттоо китебине катталып, религиялык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде кылмыш иши козголуп тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми Ат-Башы айылынын тургуну 1979-жылы туулган Ш.А. соода кылып жаткан дүкөнүн текшерүүдө экстремистик багытка шектүү 5 китеп алынган, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Операциянын жүрүшүндө 2 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 3 кылмышкер кармалып, 1 издөөдө дайынсыз жоголгон адам табылып, 1 ок атуучу курал алынып, 1 баш жоголгон мал табылган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...