Акыркы макалалар

Ошто инвесторлордун эсебинен жалпы 340 орундуу эки оорукана курулуп жатат

Инвестициялык жагдайды жакшыртуу үчүн Ош шаарынын мэриясы жагымдуу бизнес чөйрөнү түзүү жана инвестицияларды тартуу процессин өркүндөтүү боюнча чара көрүүдө. Жыйынтыгында учурда Ак-Тилек кичи районунда Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен 150 орундуу шаардык клиникалык оорукананын курулушу башталды. Мындан сырткары 190 койкалуу балдар ооруканасын куруу Ош шаардык мэриясы жана Саламаттык сактоо министрлигинин каржылык колдоосунда ишке аша баштады.

Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, саламаттыкты сактоо тармагында мындан башка да бир катар курулуш иштери жүрүп жатат. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын колдоосу менен шаардык клиникалык оорукананын аймагында дарыкана, тыштагы ажаткананын курулушу 80 пайызга бүтүрүлгөн, намазкана пайдаланууга берилди. Буга жалпысына 5 млн сом каражаты сарпталган.

Мындан сырткары, Кызыл крест коомунун жардамы менен Ош шаардык клиникалык оорукананын төрөт стационарына баасы 2 млн сомдон ашык каражатты түзгөн заманбап медициналык аппараттар алынды. Учурда шаардык төрөт стационарынын жылытуу, суу жеткирүү системалары Саламаттык сактоо министрлигинин жардамы менен россиялык гранттын эсебинен бөлүнгөн 4 млн 700 миң сом акча каражатына капиталдык оңдоп-түзөө өткөрүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...