Акыркы макалалар

Күрөш: Айсулуу Тыныбекова "Золотой Гран-приге" жолдомо алды

Кыргызстандык балбан айым Айсулуу Тыныбекова Азербайжандын Баку шаарында өтүүчү "Золотой Гран-при" эл аралык турнирине жолдомо алды. Бул тууралуу күрөш боюнча айымдар курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Тыныбекованын айтканына караганда Гран-при сериясындагы эки турнирге катышкандан кийин гана аталган мелдешке жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Биринчиси Францияда өткөн турнирде коло байге алган, кийин Германияда өткөн мелдеште күмүш медалга татыган.

Эл аралык турнир 25-27-июль күндөрү өтөт. Анда эркин күрөш жана айымдар күрөшү боюнча медалдар ойнотулат. Турнирдин жеңүүчүлөрү 10 миң доллар, күмүш медаль алгандар 5 миң доллар жана коло алгандар 2 миң доллар алышат.

Эске салсак, Тыныбекова Азия чемпиону болгон алгачкы Кыргызстандык айым, жана өз салмак категориясында дүйнөдөгү мыкты балбан айымдардын катарына кирген жалгыз кыргызстандык кыз.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...