Акыркы макалалар

Караколдо малдын баасы кымбат болууда

Караколдо малдын баасы кымбат болууда

Каракол мал базарында бул жумада кымбат болду. Себеби, сода борбордо малдар саттыкка аз чыгарылды. Экинчиден, жайкы туристтик мезгил болгондуктан эттин баасы 100 сомго кымбат. Мындан улам жергиликтүү тургундар мал байлап сатуу менен алек болууда.

Каракол шаарынын мал базары ѳкмѳткѳ карабайт. Мал базар жумасына бир жолу болгондуктан кѳл аймагынан келген жашоочулар түн ичиен баштап соода кылышат. Бул жумада жылкынын баасы жашына жараша 30 миң сомдон 110 миңге чейин жогору болду. Ал эми уйлардан жаңы туулган музоо 15 миң болсо, эттү бодо эң жогорку болуп 120 миң сомду түзү. Ача туяктуулар 3 миңден 30 миң сомго чейин сатылды.

Мындай малдын кымбатташы жергиликтүү тургундарга пайда алып келе тургандыгын Каракол шаарынын тургуну Мурат Муктаров белгилейт. Ал 10 жылдан бери мал чарбачылыгында жүргѳндүктѳн акыркы 2-3-жылдан бери киреше жакшы болууда: «Азыр малдын, эттин баасы аябай кымбат. Азыр карапайым элдерге жакшы да. Күз мезгилинде 5-10 миң сомго түшѳт. Азыр Караколдо ушул эле жумуш пайдалуу болууда. Башка иш менен иштеш кереги жок. Азыр эт кымбат болуп чѳп чарын актап жатат»,- дейт М.Муктаров.

Соода сатык түн ичинде башталгандыктан караңгыда мал кымбат болот. Ал эми таңкы базарда арзандагандыгы байкалат. Мындай кѳрүнүш айрым кардарлага жакшы шарттарды түзсѳ, сатуучуларга ыңгайсыздыкты жаратат. Ак-Суу районунун Ак-Чий айылынан келген Шайым Мукеева соода борборго жылкысын алып чыккан. Малы түн ичинде ѳтпѳгѳндүктѳн күндүзү арзан сатууга тура келүүдѳ: «Негизи 90 миң сом деп жатканбыз. Алышса 1-2 миң сомдой түшүп берет элек. Жемин, чѳбүн актаганын ким билет. Шартка байланыштуу сатып жатабыз. Түңкү менен таңкы базардын айырмачылыгы эртең менен 87миңге сураганда бербей койгонбуз. Азыр эми 85 миң сомго берип салалы деп жатабыз»,-дейт Ш.Мукеева.

Малдын саламаттыгы жана кайсыл жерден келгендиги тууралуу атайын маалым кат берилиши керек. Бирок, кѳпчүлүк учурда шаар жергесинен келгендерге малдын маалым каттары базардан берилет. Ишеним кагаздар малга далил жок кандай жол менен берилет деген суроого шаардагы мал базарынын кожоюндары ар кандай шылтоо айтып жооп берүүдѳн баш тартты: -Азыр мен булл байкени кетирип жиберейин, Эже эки эле мүнѳт жооп берип койсонуз? -жок. Ал эми оорулуу мал жарык түшкѳндѳ дароо эле билинээрин ветеринар Алим Садыкоав тѳмѳндѳгүдѳй белгилейт: «Мен азыр бардыгын карап байкап жатам. Бул жерде оорулу деле мал жок. Анча мынча билинет оорулу мал үңкүйүп туруп калат. Ал эми оорубаган мал мумундай кепшеп турат»,- дейт мал доктур Алим Садыков.

Түп нускага шилтеме : www.issyknews.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...