Акыркы макалалар

Кыргызстан Япониядан 12 млрд иен насыя алат

Кыргызстандын 3 облусунун жолдорун калыбына келтирүү үчүн насыялык макулдашуунун алкагында Япония Кыргызстанга 12 млрд иен каражат бөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16- июлда Япониянын тышкы иштер министри Фумио Кишида кыргызстандык кесиптеши Эрлан Абдылдаев менен болгон маектешүүдөн соң билдирди.

"Бүгүнкү жолугушууда Кыргызстандын жолдорун калыбына келтирүү жана жакырчылыкты жоюу максатында 12 млрд иен өлчөмүндө насыя берүү тууралуу чечим кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдадым", - деди ал.

Эскерте кетсек, учурда "Борбор Азия + Япония" маегинин алкагында тышкы иштер министрлеринин 5-жыйыны өтүүдө.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...