Акыркы макалалар

Экологиялык нукура азыктан баар таба алабызбы?

Экологиялык нукура азыктан баар таба алабызбы?

Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшчүлөрү Сауд Арабиясы, Түркия, Казакстан, Европа биримдигинин өлкөлөрү жана Кытай менен экологиялык азыктарды экспорттоо боюнча келишимдерди түзүүнү көбөйтүп жатат. Өсүмдүктөргө гербицит, химиялык жер семирткичтерди, ал эми малга гормоналдык дары бербеген кыргыз дыйкандары экологиялык нукура азыктарды кыргыз брендине айландыра алабы?

Өткөнгө кылчайсак, 1960-жылдарда Европа өлкөлөрүндө органикалык чарбалар же тактап айтканда экологиялык жактан таза делген азык түлүктөрдү өндүргөн чарбалар уюштурула баштаган. Анын негизинде жашыл экономика түшүнүгү келип чыккан. Жашыл экономиканын мааниси айлана-чөйрөгө зыян алып келбестен, жердин байлыктарын үнөмдүү пайдалануу жана жаратылышты сактоо. Жер шарында калктын саны өсүп бара жаткандыктан, эл планетанын ресурстарын колдонууну дагы кеңейтүүдө. Жашыл экономиканын бир бөлүгү органикалык же табигый таза айыл чарба продуктуларын өндүрүү түзөт. Органикалык айыл чарбасы бул нукура продукцияларды, башкача айтканда пестициди жок, жер семирткичтери жок айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү, малдын этин, сүтүн экологиялык нукура азык кылуу. Мисалы эт, сүт багытындагы айыл чарба азыктарын өндүрө турган фермердин малы коргоого камалбай, атайын жайытта оттошу керек. Органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүүгө учурда дүйнөдө абдан катуу көңүл бөлүнө баштады. 2000-жылдары дүйнөдө жалпы органикалык товар жүгүртүү 10 млрд. доллардын тегерегинде болсо, 2013-жылы анын көлөмү 60 миллиард доллардан ашып он жылдыкта бул жаатта үлкөн иштер жасалганын көрсөтүп турат. Бул багытта Бириккен улуттар уюмунун Эл аралык органикалык кыймыл федерациясы иш алып барып жатат.

Нукура азык өндүрүү жагы колго алынууда

Кыргызстан негизинен чет мамлекеттерге эт, сүт, төө буурчак, жашылча-жемиш, бал жана башка бир катар таза продукциялары экспорттоону жолго коюуда. Экономика министрлигинен алынган маалыматка таянсак, өткөн жылы Кыргызстан 24,3 млрд сомду айыл чарба азыктарын экспортко чыгарган, бул доллар менен 464,9 миллиондун тегереги болот. Жыл башынан бери айыл чарбасында, токой жана балык чарбасында 21,3 млрд сомдук же болбосо 408,7 млн долларлык дүң продукция өндүрүлгөн. Кыргызстандын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиясында айыл чарба тармагы жашыл экономиканын маанилүү тармагы катары көрсөтүлгөн. Өлкөдө 2003-жылдан тартып органикалык чарбалар эл аралык донорлордун жардамы менен акырындап өнүгүүдө. Учурда Кыргызстанда үч кооператив эки миңге жакын дыйкандары менен органикалык продукцияларды чыгарууда. Мындан сырткары, “Талас” органикалык аймагы деп аталган өзгөчө аймак дагы түзүлгөн. Бул багытта Bio-KG органикалык кыймыл федерациясы, “Био Сервис” фонду сыяктуу бир катар жергиликтүү жана чет элдик уюмдар иш алып барууда.

Кыргызстан - экологиялык таза айыл чарба зонасы

“Өлкөдө органикалык айыл чарбасын жана экологиялык таза продукцияны өндүрүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул багыт 160дан ашык дүйнөнүн мамлекеттеринде тажрыйбаланып жатат. Алардын ичинен 84үндө органикалык айыл-чарба боюнча ылайыктуу мыйзамдар иштейт. Биздин Кыргызстанда бул багыт боюнча мамлекетти экологиялык таза айыл чарба зонасы катары жарыялап, бул багытты улуттук бренд кылууга реалдуу мүмкүнчүлүгүбүз бар”,- дейт Экономика министри Темир Сариев.

«Био Сервис» фондусунун аткаруучу директору Сапарбек Алымкуловдун берген маалыматына таянсак органикалык айыл чарбасын жакшыртуу акырындык менен жолго коюлуп жаткан кези “Азыркы тапта Европа биримдигине өрүктү, буурчакты, жаңгакты, кара өрүктү экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Учурда, биопахта экспорко чыгарылууда”,-дейт С. Алымкулов.

Нукура азык өндүрүүнүн келечеги кенен

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын 60 пайызын экологиялык жактан таза органикалык азык-түлүктөр түзгөнү менен аларды экспорттош үчүн тиешелүү сертификаттарды берүү жагы жакшы жолго коюла элек. Өлкөдө органикалык айыл чарба өндүрүшүнүн улуттук форуму эки жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Былтыр күзүндө өткөн форумга Кыргызстандын областтарынан нукура продукцияны өндүргөн 60тан жакын компания катышкан. Форумдун алкагында өткөн көргөзмөгө бал, эт-сүт, мөмө-жемиштер, улуттук суусундуктар, жемиштен кайра иштетилген продукциялар, кыргыздын кийизден, жүндөн жасалган кол өнөрчүлүгүнүн буюмдары, топоздун эти, талкан жана башка көптөгөн нукура азыктар коюлган эле. Ушул иш-чарадан кийин Кыргызстан Германияда өткөн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүнө чакырык алып катышып келген.

Кыргызстан Бажы биримдигине киргенге камынууда. Ага ылайык айыл чарба продукцияларын сатууэл аралык стандартка ылайык келгендей кылып идентификация, сертификат берүү жолго коюлушу зарыл болууда. Бажы биримдигинин шартына ылайык экологиялык нукура азык өндүрүү менен Кыргызстан өзүнө кеңири рынокко жол ачаары анык.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...