Акыркы макалалар

Ысык тамак, мектеп формасы, сергек жашоо...

Ысык тамак, мектеп формасы, сергек жашоо...

Вице-премьер-министр Э.Сариева Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрлери менен өткөргөн кеңешмеде мектепке чейинки билим берүү, мектеп тамагы, мектеп формасын киргизүү, камкорчулар кеңеши, сергек жашоону калыптандыруу маселелери талкууланды.

Эльвира Сариева Билим берүү жана илим министрлигинин мектептерде ысык тамакты киргизүү боюнча ишине токтолгондо: “Министрлик мектеп окуучуларын нан, чайдан ысык тамакка өткөрүү боюнча долбоорду сынамыктап жатат, буга жергиликтүү бийликтин жана ата-энелер комитетинин катышуусу төмөнкү класстын окуучуларын толук кандуу ысык тамак менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет”, – деп айтты. Бул сынамык долбоорду аталган министрлик БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен бирдикте ишке ашырууда. 2016-жылга чейин республиканын 250 мектебинде төмөнкү класстардын 25 миң окуучусун ысык тамак менен камсыздоо ишке ашырылат. Ошол эле кезде мектеп ашканалары заманбап технологиялык жана муздаткыч жабдуулары менен жабдылмакчы. Азыркы учурда төмөнкү класстын бир окуучусунун тамагына бюджеттен 7 сом, алыскы аймактарда 10 сомдон бөлүнөт. Буга республикалык бюджеттен жыл сайын 475 млн.сом каралат. БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кыргызстанда мектеп тамагын оптималдаштырууга 10 млн. доллар жумшамакчы.

Быйылкы жылы билим берүүдөгү жаңы­лыктын бири – 1-сентябрдан тарта бирдиктүү мектеп формасын киргизүү болмокчу. Вице-премьер-министрдин айтуусунда учурда мектеп формасы тигилип жатат. “Сиздер жер-жерлерде мектеп формасын жайылтуу боюнча түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзүүңүздөр керек”, – деди ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн орун басарларына кайрыла Э.Сариева. Мектеп формасынын баасы 1700-2500 сомдун тегерегинде болору болжолдонууда.

Кеңешмеде Билим берүү жана илим министрлиги сергек жашоо боюнча 6–11-класс­тын окуучулары менен иштөө боюнча класс­тан тышкаркы программаны иштеп чыкканы белгилүү болду. Окуу процессине программа ушул жылдын сентябрь айынан тарта киргизилмекчи. Анын алкагында 626 айылдык мектепте ВИЧ жана баңгиликтин алдын алуу маселелери боюнча мугалимдер жана окуучулар окутулат.

Окуу китептерин чыгаруу, мектептерди эмерек, компьютердик техника менен жабдуу, мектептерди жаңы окуу жылына даярдап, оңдоп-түзөө далай каражатты талап кылат. Аларга мамлекеттик каражат жетиштүү бөлүнбөгөнүнөн билим берүү мекемелери коомдук фонд аркылуу ата-энелерден төлөм киргизүүгө аргасыз.

Ошол эле кезде акча каражаттарын жыйноонун мыйзамдуулугу жөнүндө ата-энелерден арыз-даттануулар, өзгөчө Бишкектен мындай арыздар арбын.

Э.Сариева акыркы жылдарда мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны өсүп жатканын белгиледи. “Бирок мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишпестиги билим берүү тутумундагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири”, – деп айтты.

Вице-премьер-министр кеңешменин жыйынтыгы боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.

Бермет МАТКЕРИМОВА, “Кыргыз Туусу”

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...