Акыркы макалалар

Обаманын кайра шайланышы жана Сириядагы согуш

Обаманын кайра шайланышы жана Сириядагы согуш

Обаманын кайрадан шайланышы Сириядагы согуштун жаңы баскычынын башталышын билдирет

Заатари, Иордания. Шаршемби күнү Барак Обаманын кайрадан шайланышы тууралуу жарыядан соң туңгуюкка келип такалган Сириядагы чатак жаңы баскычка өттү. Улуу Британиянын өкмөт башчысы АКШдан сириялык козголоңчулардын ишине жардам берүүнү өтүндү, ал эми Түркия «Вашингтон Сириядагы коопсуз райондорду коргоо маселесин «Patriot» ракетасынын жардамы менен чечүү жагын талкуулады» деп билдирип жатат.

Жаңы жагдайлар Сириянын президенти Башар Асадды тактан кулатыш үчүн колунан келген күч-аракеттердин баарын жасап жаткан Батыш өлкөлөрү өз саясатын өзгөртөт деген маанини берет. Ошондой эле жаңы жагдайлар АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыкталышын күткөн Батыш мамлекеттери 36 миңден ашуун адам курман болгон Сирия чатагынын аягына чекит коюш үчүн жаңы стратегияны ишке ашыра баштайт дегенди дагы чагылдырмакчы.

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камерон Иорданиядагы сириялык качкындардын лагеринде болду. Ал «АКШ, Улуу Британия жана башка союздаштар оппозицияны бирдиктүү күч кылып калыптандыруу жана козголоңчулардын командирлери менен байланыштарды жөнгө салуу үчүн колунан келген аракеттерди кылууга тийиш», - деп билдирди. Буга чейин Улуу Британия менен АКШ куугунтукта жүргөн топтор жана Сириянын өзүндөгү оппозициянын саясий ишмерлери менен болгон гана байланышты моюнуна алып келген.

Түркия менен анын союздаштары, ошондой эле АКШ Сириянын ичиндеги коопсуз аймактарды коргош үчүн «Patriot» ракетасын колдонуу мүмкүн экендигин талкуулаганын түрк расмий тараптары билдиришти.

Айрым себептерге байланыштуу ысымын атабоону өтүнгөн Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү коопсуз аймакты пландоо АКШдагы шайлоо бүткөнгө чейин жылдырылганын айтты. Ал ракеталар НАТОнун желеги астында жайгаштырыла турганын тастыктап жатат. Бирок НАТОнун өкүлдөрү уюм Бириккен Улуттар Уюмунун уруксаты жок Сириянын ишине кийлигише албасын айтууда.

«Британия, Америка, Сауд Аравиясы, Иордания менен союздаштар биригип Сириядагы, ошондой эле анын чегинен тышкаркы оппозицияны түзүүгө жардам берүүгө мүмкүндүктөрү бар», - дейт Камерон. «Биздин бир эле максат - Сирияны Асаддан куткаруу», - деп кошумчалады ал.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг «козголоңчулар менен сүйлөшүү аскердик консультацияны же болбосо алардын ишмердүүлүгүн колдоону түшүндүрбөйт» деп билдирди. Ал ошондой эле Улуу Британия Асаддын каршылаштарына курал берүү тууралуу маселени карабай турганын айтат. «Сириянын куралдуу оппозициясынын аскер элементтери менен Улуу Британиянын байланышы саясий диалог, анын ичинде баарын камтыган саясий өткөөл багытындагы биргелешкен иштер менен гана чектелмекчи», - деп билдирди ал мыйзам чыгаруучулардын алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө.

Хейг ошондой эле «куралдуу оппозициянын өкүлдөрү менен жолугушуу Сириянын чегинен тышкары жерде болот» деп белгиледи. Бейшемби күнү АКШнын, Улуу Британиянын, Франциянын жана Түркиянын дипломаттары Сириянын оппозициялык топтору менен Катардын Доха шаарында жолугушууну пландап жатышат. Бирок ММК берген маалыматтарга таянсак, козголоңчулардын башчылары сүйлөшүүгө катышпайт окшойт.

«Обама кайра шайлангандан кийин Америка Улуу Британия тарапка кошулуп жана Сириядагы чатакты аягына чыгарат деген ишеним пайда болду», - дейт «Royal United Services Institute» талдоочусу Шашанк Джоши.

33 миңден ашуун сириялык качкындар жайгашкан «Заатари» лагеринде Камерон биринчи эле мүмкүндүк болгон кезде ал Обамадан 19 айга созулган Сирия чатагын бүткөрүш үчүн Улуу Британияга жардам берүүнү сурана турганын билдирди. «Мен президент Обама менен биз качкындарга кантип жардам берерибизди, БУУ менен сириялык режимге кандайча күчтүү басым кылышыбызды, ошондой эле оппозицияга кантип көмөк көрсөтүшүбүздү сүйлөшкүм келип жатат», - дейт Камерон.

Камерон Улуу Британиянын Лондон шаарында толук бойдон Сирияга арналган жана Улуу Британия Обаманы Сирияга карата катуураак кадамдарга барууга макулдата турган Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт.

«Associated Press», 8-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...