Акыркы макалалар

Cпорт журналистикасынын деңгээли төмөнбү?

Cпорт журналистикасынын деңгээли төмөнбү?

Кыргызстандын тарыхында кыргызча бир дагы спорт журналы болгон эмес. Кыргыз телерадиосу деле спорттук берүүлөргө терең маани бербейт.

2-июль - Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) түзүлгөн күнү. Бул уюм 1924- жылдан бери дүйнөлүк спортту, олимпиадалык кыймылды, дене тарбия, спорт ишмердүүлүгүн чагылдырып, көйгөйлөрдү жарыялап келет. Кыргыз спорт журналистикасынын учурдагы абалы кандай? Маалымат таратуу менен гана чектелип жатабы? Же көйгөйлөрү барбы?

Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясына Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясы 1995-жылдан бери мүчө.

Кеңеш доорунда деле маалымат каражаттарында спорт темасына салкын мамиле болуп келген. Гезит, журналдарда, телерадиодо спорт тармагындагы жаңылыктар куш тилиндей маалымат менен гана чектелип,бул тармактын көйгөйлөрү терең талдоого алынчу эмес.

Учурда Кыргызстанда спорттук журналистиканы өнүктүрүү үчүн, дене тарбия, спортту жайылтуу жана генофондду сактоо үчүн өлкөдө спорттук гезит- журнал, өзүнчө маалымат каражаттары болуусу зарыл. Себеби учурда бирин-экин спорттук гезит болгону менен, каражаттын жоктугунан же демөөрчүлөр колдоого албагандыктан 1 жылга жетпей ындыны өчүп калып жатат. Ал эми Кыргызстандын тарыхында кыргызча бир дагы спорт журналы болгон эмес. Кыргыз телерадиосу деле спорттук берүүлөргө терең маани бербейт. Атайын спорт редакциясын ачуу учур талабы болуп турат. Бирок, дасыккан адистер да жокко эссе. Ал эми "Эркин тоо" гезитинин спорттук баяндамачысы Асан Жунусовдун пикиринде, жогорку окуу жайларындагы журналистика бөлүмдөрү же факультеттер спорттук журналисттерди даярдоого чамасы жетпей жана атайын курстарды уюштурууга көңүл бурулбай келүүдө. 1991- жылы Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет "Байге" аттуу кыргыз жана орус тилинде чыккан спорттук гезитти ошол учурдагы жетекчилер колдоого албагандыктан бир жылдан кийин жабылган. Мындан үч жыл мурда жарык көргөн "Спортивный Кыргызстан" гезити деле каражаттын айынан чыкпай калды. Учурда кыргыз тилинде "Топ.kg" аттуу гезит 2 жылдан бери спорт журналисти Базарбай Абдраимовдун демилгеси менен чыгып келүүдө. Ал эми орус тилинде 3 жылдан бери "Sport.kg" аталыштагы гезит чыгып келатат. Алар деле Орусиянын гезиттеринен кызыктуу макалаларды "уурдап" колдонуп жүргөнүн моюнга алыш керек. Андагы маалыматтарды ушундай аталыштагы интернет-сайттаны да таанышууга болот. Быйыл июнь айында орус тилинде "Sport.мен" деген жаңы журнал пайда болду. Чынында спортко кызыккан же жашында спорт менен машыккан айрым журналисттер өз демилгелери менен бул тармактын жүгүн алына жараша көтөрүп келатышат. Спорттук баяндамачы Табылды Асыгалиевдин пикиринде, өлкөнүн спорт журналистикасынын деңгээли коңшу Казакстан, Өзбекстандан төмөн. Себеби, Казакстанда бир нече спорт гезит-журналдары бар. Аларды өкмөттү колдоого алып, каражаттан жардам берип, бутуна туруп калышкан. Асыгалиевдин айтымында, спорт тармагы оңой көрүнгөн менен аны жазуу үчүн атайын даярдык, спорт дүйнөсү тууралуу билим керек. Ошондой эле спорт журналисттери үчүн мелдеш учурунда иштөөгө шарт жок.

Өлкөнүн дене тарбия, спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун айтымында, Кыргызстандын спорт журналисттеринин кесиптик деңгээли учур талабына жооп бербейт. -Спорттук көйгөйлөрдү терең талдоого алышпай, жеңгендерди мактоо, утулгандарды бир жактуу сындоо менен гана чектелип, утулуунун себептерине анализ кылынбайт. Журналисттер борбордогу мелдештерди жазуу менен гана чектелип, региондордогу спорт маселелери чагылдырылбай калууда. Кыргыз спортунун башаты айыл жергесиндеги ал-абал, райондордогу көйгөйлөрдү талдоого алышса дурус болмок. Айрым журналисттер 1-2 макаласы чыкса эле, өздөрүн "жылдыз" сезип калышат. Намыстанбай, билбегенин сурап, окуп-үйрөнүү керек. Мындай пикирге "Топ.kg"" гезитинин башкы редактору Базарбек Абдураимов да кошулуп, спорттук журналисттердин билим деңгээлин жогорулатуу үчүн семинар- кеңешмелерди өткөрүүнүн, чет өлкөлүк кесиптештер менен тажрыйба алмашып туруунун зарылдыгын билдирди. Кыргызстанда да спорт журналисттеринин федерациясы 1995- жылы түзүлгөндөн бери өлкөдөгү спортту, дене тарбияны, сергелең жашоо ыңгайын жайылтууга колдон келген салымдарын кошуп келүүдө. Бул федерациянын алгачкы президенти Аскар Салымбеков деле спортко жардам берип, зор салым кошуп жүргөнү менен өзүнүн уулундай болуп калган бул уюмга да көз кырын салып, колдоого алып турса деген тилек. Себеби, анын демөөрчүлүгү менен бир дагы спорт журнилисти эгемен өлкө болгону дүйнө, Азия чемпионаттарына же Азия оюндарына жана олимпиадалык оюндарга барган эмес.

Учурда федерациянын президенти Улугбек Салымбековдун демилгеси менен ар жыл сайын Кой-Таш эс алуу комплексинде же "Космопарк" эс алуу жайында спорт журналисттери арасында кичи футбол, боулинг мелдештерин өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктарды тапшыруу салтка айланган. Отуздан ашуун спорт журналисттерин быйыл дагы 5-июлда "Кой-Таш" эс алуу жайына барып, эркектер үчүн кичи футбол боюнча, кыз-келиндерге теннис боюнча мелдеш өткөрүп, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырганы турат. Бул кесиптик майрамда Улуттук олимпиада комитети да ар жыл сайын спорт журналистерине баалуу белектенрин, акчалай сыйлыктарын тапшырып келүүдө. Былтыр Дене тарбия жана спорт агентигинде басма сөз борбору уюшулгандан бери, спорттук мелдештерди чагылдыруу жакшы жолго коюлуп баратат. Спорт журналисттеринин эл аралык ассоциациясы (AIPS) 1924-жылы түзүлгөн. Бул бирикме учурда спорт чөйрөсүндө эң таасирдүү уюм болуп эсептелет. AIPS Пьер де Кубертен уюштурган олимпиадалык кыймылдын негизги идеяларын, спорт мелдештерин коомго кеңири жеткирип туруу милдетин аркалап келет. AIPS жыл сайын өзүнүн ишмердүүлүгү менен коомчулукту тааныштырып, төрт жылда бир отчёттук кайра-шайлоо конгрессин өткөрүп турат. Дүйнөлүк спорт журналисттер уюмун мурда Фрэк Тейлор (Англия), Тугай Баятлы (Түркия) сыяктуу белгилүү журналисттер жетектеп келген. Учурда AIPSти Италиянын атактуу "La Gazzetta delo Sport" басылмасынын баяндамачысы, спорт ишмери Жани Мэрло жетектейт. Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясы Эл аралык ассоциацияга (AIPS) 1995-жылдан бери мүчө. Өлкөнүн спорт журналисттери жыл сайын өткөрүлүүчү AIPSтин конгрессине барып турушат. Ар жыл сайын спорт журналистикасына салым кошкон журналисттерибизди кезеги менен AIPSтин конгрессине делегет кылып жиберип, тажрыйба топтоп келүүсүнө шарт түзүп жүрөбүз. Мурдакы жылдары Италиядагы Конгресске спорттук баяндамачылар Табылды Асыгалиев менен Вячеслав Аникин катышып келген. Түркиядагы дүйнөлүк жыйынга спорт журналисттери Кубан Атабеков менен Тахир Гафуров барган. 2011-жылы Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн AIPSтин конгрессине кыз-келиндерден спорттук баяндамачы катары таанылган "Вечерний Бишкек" басылмасынан Гүлиза Авазова менен "Sport.kg" гезитинин баяндамачысы Ксения Толканева катышып келди. Мурдакы жылы Австрияда өткөн Конгресске "Топ.kg"" гезитинин башкы редактору Базарбек Абдураимов баштаган жаштар барды. Былтыр апрель айында Орусиянын Сочи шаарында өткөн 76-Конгресске федерациянын башкы катчысы катары мен, Кабыл Макешов катышып келдим. Себеби, Сочидеги конгресс отчеттук-кайра шайлоо жыйыны болгондуктан, жетекчилер катышуусу шарт эле. AIPSтин кийики 77-Конгресс быйыл май айында Азербайжандын Бакы шаарында өтүп,ага федерация жетекчиси Улугбек Салымбеков барды.

Улуттук олимпиада комитети, КР Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиги ар жыл сайын жыл жыйынтыгы боюнча мыктыларды аныктаганда да спорт журналисттерин унутпай, алына жараша сый-урмат көрсөтүп жүрүшөт.

Спорт журналисттерин " Кабар Ордо" да куттуктайт, демилгелерин колдоого алат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...