Акыркы макалалар

КР жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын мааыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу боюнча ишти жүзөгө ашырууда, биометрикалык маалыматтар базасын актуалдаштырууда жана коргоодо пайда болгон мамилелерди жөнгө салат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...