Акыркы макалалар

Төө буурчакты чабышкан адамдар 900-1000 миң сомго чейин эмгек акы алышууда

Быйыл Талас облусунун дыйкандары жана фермерлери 46 миң гектардан ашык жерге төө буурчак эгишкен. Азыркы саратан жай учурунда дыйкандар төө буурчакты сугарып, чаап үлгүрө албай жаткан кези.

Кол күчү жетишпей, ошондуктан төө буурчак эккен ээлери эмгек биржасынан кошумча күчтү, адамдарды тартууга мажбур болушууда. Ал эми төө буурчакты чабууга тартылган адамдар бүгүнкү күндө күнүнө 900-1000 сомго чейин эмгек акы алышууда. Мындан тышкары аларга түшкү тамак, бешим тамак да үзбөй берилээрин Талас районун төө буурчак эккен дыйкандары маалымдашты.

Жамиля Нурманбетова

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...