Акыркы макалалар

«Курманжан датка» фильми дүйнөлүк Монреале кинофестивалына тандалды

«Курманжан датка» фильми дүйнөлүк Монреале кинофестивалына тандалды

«Курманжан датка» фильми дүйнөлүк Монреале (Канада) кинофестивалына тандалды. Бул тууралуу «Айтыш Фильм»киностудиясынын басма сөз катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

«Кечээ «Курманжан датка» фильминин режиссеру Садык Шер-Нияз эл аралык Монреале кинофестивалынын «А» категориясына катышуу үчүн атайын чакыруу алды. Катта атамекендик «Курманжан датка» кинокартиансы Focus on World Cinema (Фокус на мировое кино) кинофестивалына катышуу үчүн тандалганы жазылган», - деп маалымдады Ч.Идрисова.

Анын сөзүнө караганда, кинофестивалдын «А» категориясын бүт дүйнө тааныган жана эл аралык кинопродюсерлер федерациясы тастыктаган.

«Дүйнөлүк престиждүү кинофестивалдардын катарына Монреаль башка Венеция Канн, Локарно жана башка кино фестивалдар кирет. Масштабдуу кинофестивалга катышуу бир гана сыймык эмес, биз үчүн кинорежиссерлор үчүн тажрыйба болуп, , өлкөбүзгө аброй алып келет. Ушундай ири масштабдуу кино көрсөтүүлөрүнө ар дайым эле кыргыз киночулары катыша албайт. Сынакка катышатурган фильмдер дүйнөлүк кинематографисттердин тандоо комиссиясынан элегинен өтөт. Татыктуу тасмалар га катышат», - деп белгиледи ал.

Айзура Чыкынова

Түп нускага шилтеме : www.kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...