Акыркы макалалар

Биргелешкен аракет бийиктикке чыгарат

Биргелешкен аракет бийиктикке чыгарат

МОНГОЛИЯНЫН ТАЖРЫЙБАСЫ АБДАН КЫЗЫКТУУ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев иш сапарынын жүрүшүндө Монголия Президенти Цахиагийн Элбэгдорж менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев монгол тарапка жылуу кабыл алуусу үчүн ыраа¬зычылык билдирди жана Кыргызстан Монголия менен мындан ары карай кызматташууну чыңдоого кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, кыргыз тарап 10 жылдан соң өткөрүлгөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-монгол Өкмөт аралык комиссиясынын II кеңешмесинин жыйынтыгына оңдуу баа берет.

«Учурда Кыргызстанда калктын бирдиктүү регистрин түзүү жана анын негизинде биометрикалык маалыматтарды пайдалануу менен такай жаңыртылып туруучу шайлоочулардын бирдиктүү тизмегин түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Биз үчүн заманбап шайлоо технологияларын колдонуу менен шайлоо уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү Монголиянын чогулткан тажрыйбасы абдан кызыктуу», — деп билдирди Кыргызстандын Өкмөт башчысы.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы соода, экономикалык жана гуманитардык тармактардагы кызматташууну кеңейтүүгө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

БИШКЕКТЕ БАШКЫ КОНСУЛДУК АЧЫЛАТ

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Монголиянын Премьер-министри Норовын Алтанхуяг менен жолугушту.

Сүйлөшүү учурунда Жоомарт Оторбаев белгилегендей, акыркы жылдары Кыргызстан жана Монголия аралык саясый баарлашуунун жигердүү жүрүшү өлкөлөр ортосундагы ар тараптуу кызматташуунун кеңейишине жана тереңдешине жагымдуу шарттарды түзүүдө.

Буга байланыштуу Премьер-министр кыргыз тарап Бишкекте Монголиянын Башкы консулдугун ачуу тууралуу монгол тараптын чечимин кубануу менен кабыл алгандыгын билдирди.

Жоомарт Оторбаев маалымдагандай, 2015-жылы Кыргызстанда өлкө парламентине шайлоолорду өткөрүү пландаштырылган. Буга байланыштуу Премьер-министр Монголиянын шайлоо тутумун реформалоодогу тажрыйбасы менен алмашуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкөлөр аралык соода-эко¬номикалык алаканы өнүктү-рүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, эки мамлекеттин кайрадан түзүлгөн Иштиктүү кеңешин өнүктүрүү маселеси талкууланды.

“Кеңешти түзүү эки өлкөнүн иш жүзүндө кызматташууну өнүктүрүүгө болгон ниетинин дал келүүсүн айгинелейт. Биз анын биринчи жыйынын күтүүдөбүз жана Кеңештин ишине чоң үмүт артуудабыз», — деди Жоомарт Оторбаев.

Мындан тышкары, сооданын өнүгүүсүнө жетишүү максатында тараптар ортосунда айыл чарба, мал чарбачылыгы, соода жана инвестиция, ишкердүүлүк, өнөр жай, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, курулуш, туризм, саламаттык сактоо, маданият жана илим жаатында келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле Премьер-министр биргелешкен аракеттин натыйжасында тараптар 2014-жылы урунттуу натыйжаларга жетише аларына ишеним билдирди.

Өзүнүн корутунду сөзүндө Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын экономикасындагы негизги орунда Монголиядагыдай эле тоо-кен тармагы турарын, аталган экономика тармагын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Монголиянын бул тармактагы көрүнүктүү жетишкендиктерин эске алуу менен монгол тажрыйбасын иликтөөгө карата кызыгуусун билдирди.

ПАРЛАМЕНТТЕР АРАЛЫК КЫЗМАТТАШУУ ӨНҮГӨТ

Ошондой эле иш сапардын алкагында Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Монголиянын спикери Зандаахуугийн Энхболд менен жолугушту.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ачык коом орун алган өлкө катары парламентаризм активдүү өнүгүп жана коррупцияга аёосуз күрөш жарыяланды. Монголия дагы Азия континентинин борборундагы демократиялык мамлекет болуп эсептелип, демократиялык институттарды чыңдоого умтулган өткөөл баскычтагы өлкөлөр үчүн үлгү көрсөтө алар тажрыйбасы бар», — деп белгилеген Жоомарт Оторбаев Кыргызстан Монголия менен парламент аралык кызматташууну өнүктүрүүгө жана демократиялык кайра түзүүлөр жаатында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Нурсултан ЖЕТИГЕНОВ

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...