Акыркы макалалар

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү 13-июль күнү коңшу өлкөнүн Исфара шаарында кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындан ары курал колдонуучу жагдайларга жол бербөө боюнча макулдашты.

Учурда аймакта абал туруктуу экенин мамлекеттик Чек ара кызматынан кабарлашты. Чек ара күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда. Көзөмөл-өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

10-июлда Баткендин Тамдык деген жеринде кыргыз жана тажик чек арачыларынын ортосунда куралдуу кагылыш болуп, бир кыргыз аскери жараат алган. Тажик тарап бир адам өлгөнүн, кыргыз чек арачыларына каршы чыккан бир нече тажик тургуну жараат алганын кабарлаган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...