Акыркы макалалар

Жайыл Жакшылык уулу, спорт чебери:

Жайыл Жакшылык уулу, спорт чебери:

“Кыргызстандын желеги чет жерде желбиресе спортчуну ого бетер күчтөндүрөт”

“Спорт – ден соолуктун булагы”, бирок ошол эле учурда спорттун оор тармактары ден соолуктун коопсуздугуна кепилдик бере бербейт. Оор тармактары демекчи, кармаш урушуу, эрежесиз эр мушташ жана башка ушул сыяктуу спорттун түрлөрү менен машыгуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Бүгүнкү биздин каарманыбыз Жайыл мырза дагы кечээ жакында кармашып урушуу спорту боюнча Россиянын Таганрог шаарында өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медалды багындырып келиптир. Кармаш урушуу спорту боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Жайыл мырза менен жеңиши жана жеке жашоосу тууралуу маектештик.

– Жайыл мырза, жеңишиңиз кут болсун! Айтсаңыз, спорттун бул тармагына кантип, качан аралашып калгансыз?

– Мен спорттун кармаш урушуу тармагына кеч келдим. Алгач 17 жашымда бокс менен машыкчумун, албетте, профессионалдуу машыкпасам да айылда район аралык өспүрүмдөр арасындагы мелдештерде байгелүү орундарды камсыздап турдум. 22 жашымдан баштап кармашып урушуу жана эрежесиз мушташ тармагына өтүп, акырындык менен спорттун бул тармагына баш-отум менен киришип, кудайым буюрса, ошондон бери эл аралык, дүйнөлүк мелдештерде алтын медалды албасам дагы, күмүш, коло медалдарды камсыздап келем. Ага чейин 22 жашымда ушу-саньда спорту менен машыгып, жарым жылдын ичинде бул тармактын да спорт чебери болууга жетиштим. Жалпысынан, кармаш урушуу боюнча Кыргызстандын биринчилигинде 5 жолку чемпиону, 2001-жылы Эл аралык чемпионатында 2-орунду, Азия чемпионатында 11 өлкөнүн ичинен финалист болууга жетишсем, АКШда болгон дүйнөлүк кубокто күмүш медалды багындырууга үлгүрдүм.

– Спортто жеңилүү ызасын тартуу аябай оор, сизде кандай?

– Албетте жеңгенди да, жеңилгенди да билиш керек. Бирде ташың өйдөнү көздөй көкөлөсө, бирде ылдыйлайт. Андыктан жеңилүү ызасын реалдуу тартсаң күнөөнү өзүңдөн издешиң керек. Бирок жогоруда айтып өткөн Азия чемпионатында Ак-Төбө шаарында жана дүйнөлүк кубок үчүн болгон АКШдагы беттештеримде калыстар тобунун чечимине аябай нааразы болгом. Ал эми жакында эле Россияда өткөн беттеште чындыгында өзүмдөн кетип калды, балл менен кавказ улутундагы атаандашыма алдырып койдум. Андыктан спорт чөйрөсүндө дагы кээде ушундай калыстыктар болуп кетет, ошол себептен айрым учурларда жеңилүү ызасын тартууга туура келет.

– Чет жерде Кыргызстандын желегин желбиретип чыгуу учурунда кандай толкундануу сезими болот?

– Спортчуну шыктандырып, демине дем, күчүнө күч кошо турган нерселердин бири дал ушул желекти желбиретүү. Айрыкча менин толкундануу сезимим гимн ойнолуп желек көтөрүлгөндө оргуштап чыгып, ого бетер шыктандырып бир башкача адреналин алам. Ошол себептен да спорттон кете албай жүрсөм керек. Өткөн дүйнө чемпионатында да Кыргызстан командасы кармаш урушуу боюнча 3-орунду алсак, мен FCF-MMA версиясы боюнча 2-орунду, Кыргызстандык мушкер Алмаз Акун 3-орунду камсыздай алдык. Медаль тапшыруу аземинде биздин желек биринчи көтөрүлбөгөндүгү үчүн өзүбүзгө сөз бердик. Кудайым буюрса, эмки беттеште биринчиде желбирейт деген ишеним бар.

– Адатта спортчулардын криминалдык чөйрөгө аралашып кетүүсү көп кездешет, сизге сунуш түшүп чакыруу же тааныштарыңыздын ооп кетүү учурлары болгонбу?

– “Спорт бар жерде чоң акча да ойнойт” деп айтып калышат. Албетте, бул тармакка спортчулардын ооп кетишинин бирден бир себеби акча табуунун же жеке каражатынын тартыштыгынан болсо керек. Анткени, спортчулардын эмгеги көп учурда мамлекеттик деңгээлде бааланбай, криминалдык чөйрөдө бааланып калганда, материалдык жактан муктаж болгондо кошулуп кетсе керек деп ойлойм. Мага деле андай сунуш түшкөн, бирок мен эрте үйлөнүп үй-бүлөмдүн, ата-энемдин эртеңин ойлоп аралашкан эмесмин. Баам салып көрсөк, аралашкандардын көбү жаш, үй-бүлөсү жок балдар болсо керек. Анткени, жаштык, кызуу кандуулук менен материалдык жактан өзүлөрүн камсыз кылуу максатында аралашып кеткендер кездешет. Тирүү жан болгондон кийин ар тармактуу адамдарга жолугасың дегендей, мени менен деле чогуу машыгып жүргөндөр же кечээ эле рингге чыгып кыргыздын намысын коргогон тааныштарымдын арасында аралашып кеткендер туурасында угуп эле жүрөм. Бул да болсо биздин мамлекетибиздин кемчилиги. Эмне себептен?– деп айтышы мүмкүн. Бир эле мисал, кечээ жакында Россияга барып келүү үчүн ар бир адамга орто эсеп менен 1000 -1500 АКШ доллары кетти. Мамлекет ар бирибизге 1000 сомдон да берген жок, бардык каражатты өзүбүз көтөрүүгө туура келди. Мына ушул сыяктуу демөөрчүгө муктаж болгон учурларда жаш спортчуларга криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрү демөөрчүлүк кылуу менен өзүлөрүнө имерип алышат.

– Көпчүлүк спортчулардын интеллектуалдык билим деңгээли төмөн деп айтышат, сиздин жеке пикириңиз кандай?

– “Беш кол тең эмес” дегендей, спортчулардын арасында андайлар да болушу мүмкүн. Бирок, спортчулар билимсиз, интеллектуалдык деңгээли төмөн дегендер чоң жаңылышышат. Анткени, тескерисинче спортчулар кызматына байланыштуу чет жактарга көп чыгып, көптү көрүп, көп нерседен кабардар болуп, көп эле менен баарлашып, кругозору, дүйнө таанымы кең келишет. Анан да бардыгы болбосо да көпчүлүгү жогорку билимдүү экенин, катардагылардан айырмаланып көп окушарын да жакшы билем. Жеке өзүмдү айтсам, мен ИИМ академиясынын юриспруденция кесибин бүткөм.

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...