Акыркы макалалар

Ош шаарында мектепке чейинки жаштагы балдардын 20% гана бала бакчага барат

Ош шаарында мектепке чейинки балдардын 20%ы гана бала бакчага барат. Бул тууралуу шаардын мэри Айтмамат Кадырбаев билдирди.

Анын айтымында, 36 сотых жерди жеке менчиктен мэрия сатып алып,120 орундуу бала бакча курууга берген жана бүгүн ачылышы болду. Жапалак айыл башкармалыгын шаар казынасынын эсебинен 43 млн сом бөлүнүп анын ичинен 22 млн 967 миң сому бала бакчанын курулушуна жумшалат.

Ал эми, курулуштун планында, ашканасы, балдар ойноочу залы жана 4 тайпанын жатаканалары каралган. Эки кабат болуп курула турган имарат ушул жылдын 5-октябрына чейин ишке берилет. Аянты 1344 чарчы метрди түзөт.

Айта кетсек, шаар боюнча жеке жана мамлекеттик 31 бала бакча бар.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...