Акыркы макалалар

Кадамжай районунун “Кыргыз Кыштак” айылында суу таңкыстыгынан дарактар куурап баратат

Кадамжай районунун Кыргыз Кыштак айылында суу таңкыстыгынан дарактар куурап баратат. Ичээрге да суу жок. Бул тууралуу айыл тургуну Гапаралы Жусупов телефон аркылуу кабарчыбызга билдирди.

Анын айтуусунда азыр “Кыргыз Кыштакта” агын суу да, таза суу да жок. Себеби, аталган айыл этек жакта жайгашкандыктан Бүргөндүдөн ары суу өтпөйт. Натыйжада дарактар саргайып, жалбырагын таштай баштады. 1200 кожолуктун айдап сепкен эниндеринин дагы абалы оор бойдон калууда.

“Мурда агын суудан үйлөрдүн алдындагы ауздерди (суу толтуруучу көлмө) толтуруп алчубуз. Азыр ал суулар дагы түгөндү. Мындай оор кырдаалдан чыгуу үчүн коңшу Өзбекстандын жергиликтүү бийликтери менен сүйлөшүп, убактылуу суу алуу макулдашылган. Бирок, азырга чейин суу келе элек”-дейт Г. Жусупов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...