Акыркы макалалар

Жумгалда актриса Т.Турсунбаеванын туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өтөт

 Жумгалда актриса Т.Турсунбаеванын туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өтөт

Жумгалда 12-июлда актриса Т.Турсунбаеванын туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы ыр-бий ансамблиинин көркөм жетекчиси Замир Токомбаев билдиргендей, кечеге коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышат.

Аны менен бирге Т.Турсунбаева атындагы ыр-бий ансамбли өз өнөрүн көрсөтөт.

Белгилей кетсек, Таттыбүбү Турсунбаеванын көзү тирүү болгондо быйыл 12-июлда 70 жашка толмок.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...