Акыркы макалалар

«Алай» футболдук командасына башкы машыктыруучусу болуп А.Татанов жаңы дайындалды

Оштун «Алай» футболдук командасына башкы машыктыруучунун милдетин аткаруучу болуп Айбек Татанов дайындалды. Бул тууралуу 5-июлда «Алай» командасы менен Бишкектен барган «Алга» командасынын беттешүүсүучурунда маалым болду.

Маалыматка ылайык, буга чейин Айбек Татанов «Алайдын» машыктыруучусу болуп келген.

«Алайдын» машыктыруучулук штабындагы өзгөрүүлөр «Алай» командасынын «Алдиер» (Куршаб) жана «Абдыш-Ата» (Кант) командалары менен болгон ийгиликсиз оюндарынан кийин болгон.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен бери «Алайдын» башкы машяктыруучунун милдетин Борис Стрельцов аткарып келген.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...