Акыркы макалалар

Бишкекте "ЖМКлар аркылуу ар түрдүүлүктү жайылтуу" аталышындагы тренинг өтүүдө

Бүгүн борбордо "Арачылардын Элдештирүүчү тармагы" коомдук фондунун "Тынчтыкты орнотуу жана медиа-технологиялар мектеби", "Сорос-Кыргызстан" фонддорунун демилгеси менен журналисттерге "Жалпыга маалымдоо каражаты аркылуу ар түрдүүлүктү жайылтуу" аталышындагы жаңы долбоордун алкагында тренинг өткөрүлүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында долбоор маданий жана этникалык ар түрдүүлүк боюнча контентти өнүктүрүүгө, Кыргызстандагы ЖМКдагы этника аралык диалогдун конструктивдүү ролун күчтөндүрүүгө, ар түрдүү тилдеги маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган толеранттуулукту жайылтуу болуп саналат.

Иш-чарада жогорку компетенттүү чет элдик адистердин алдында жергиликтүү телеканалдардын, радиостанциялардын жана он-лайн журналисттеринин редакцияларда ар түрдүүлүктү уюштуруу маселелеринде маалымдуулугун жогорулатуу, көп маданияттуу коомдо репортаждарды даярдоого үйрөтүү, азчылыктардын укуктарын чагылдыруу, дискриминациялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча окутуулар болот.

КРнын президентинин аппаратынын этникалык, дин саясаты жана жарандык коом менен аракеттешүү бөлүмүнүн эксперти Зайырбек Эргешов белгилегендей этникалык азчылык этникалык, диний же тилдик өзгөчөлүккө ээ, калктын башка бөлүмүнө салыштырмалуу аз сандагы адамдар тобу. Тренингде журналисттер үчүн аталган топ тууралуу маалыматтарды туура таркатуу жана этникалык азчылыктар тууралуу коомго жайылтуу боюнча сунуштар болот.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...