Акыркы макалалар

Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа кайрадан жогорулады

Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майга болгон баа орто эсеп менен 1 сомго жогорулады. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан маалымдады.

Компаниянын расмий сайтына чыккан маалыматка ылайык, АИ-92 бензинине болгон баа 1 сомго өскөн. АИ- 80 жана АИ-95 - 0,5 сомго кымбаттаган. Ал эми дизель отуну 0,7 сомго кымбаттаган.

Ассоциациядан маалымдагандай, баанын жогорулашы Россиядан күйүүчү жана майлоочу майды чыгаруу баасынын өсүүсү менен байланыштуу. Россиянын мунайды кайра иштетүү заводу продукциясынын баасын орто эсеп менен 15-21%га жогорулаткан.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...