Акыркы макалалар

А.Кадырбаев: “А.Масалиев принципиалдуулугу, чынчылдыгы менен өзгөчөлөнгөн инсан эле”

А.Кадырбаев: “А.Масалиев принципиалдуулугу, чынчылдыгы менен өзгөчөлөнгөн инсан эле”

«Абсамат Масалиевди принципиалдуулугу, чынчылдыгы менен өзгөчөлөнгөн инсан катары из калтырган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнө салым кошкон Апсамат Масалиевдей адамдар саналуу гана. Мындай инсандар эч качан элдин эсинен кетпейт. Ал адам турган турпаты менен жаштарга үлгү боло алган»-деди Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мурун маалымдагандай 4-июлда Ош шаарында А.Масалиевдин эстелиги ачылды.

Салтанатка 1-вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев, Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаардык мэриясынын жетекчилери жана шаардык кызматтар менен уюмдардын өкүлдөрү, уулу Исхак Масалиев жана башка жакын санаалаштары катышты.

Эстеликтин автору КРнын эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков. Анын бийиктиги 4 метр. Орнотууга жалпы 1 млн 600 миң сом каражат жумшалган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...