Акыркы макалалар

ОшТВны кандайдыр бир рейдердик басып алуу болгондугу тууралуу маалымат чындыкка жатпайт, - К.Калыкулов

«ОшТВ» ТРКнын директорунун убактылуу орун басары Керимбек Калыкулов телекомпаниянын рейдердик басып алынуусу тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу ал кечээ, 3-июлда Turmush басылмасына билдирди.

Анын айтымында, ал бул кызматка Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Камила Талиеванын үстүбүздүгү жылдын 27-июнундагы буйругунун негизинде дайындалган.

Ошондой эле, Ош шаарынын прокуратурасы мамлекеттин пайдасына конфискацияларган телеканалдын мурдагы ээси Халилжан Худайбердиевге кайтаруу боюнча доону канааттандыраарлык деп таап, «ОшТВ» телекомпаниясы мурдагы ээсине кайтарылгандыгын, андан соң конфискацияланган мүлк катары мамлекеттин пайдасына өткөрүлүп берилгендигин белгиледи.

Белгилей кетсек, Х.Худайбердиев 2010-жылдагы окуяларга катышы бар деп айыпталууда.

К.Калыкулов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Жалал-Абад шаардык сотунун 2010-жылдын 28-октябрындагы Х.Худайбердиевге карата Ош райондор аралык сотунун 2014-жылдын 31-мартындагы чечимине ылайык өкүмүн аткаруу максатында жана Х.Худайбердиевдин мүлкүн мамлекеттин пайдасына конфискациялоо ббоюнча Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 2012-жылдын 15-февралында берилген аткаруу баракчасынын жана «ОшТВ» ТРК ЖЧКсынын уставдык капиталынын үлүшүн өткөрүп берүү жөнүндөгү 2014-жылдын 14-майындагы кабыл алуу-өткөрүү актынын негизинде жана КРнын мыйзамына ылайык аталган кызматка дайындалгандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, ал «ОшТВ» ТРК ЖЧКсынын мүлкүн жана башка активдерин сактоого, «ОшТВ» телеканалынын үзгүлтүксүз иш алып баруусун камсыздоого милдеттендирилгендигин белгиледи.

«Телекомпаниянын кандайдыр бир рейдердик басып алуу болгондугу тууралуу маалымат чындыкка жатпайт», - деп билдирди К.Калыкулов.

Тема боюнча:

Буга чейин маалым болгондой, Керимбек Акматалиевич Калыкулов «ОшТВ» ТРК ЖЧКсынын убактылуу директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Тиешелүү №191 буйрук үстүбүздөгү жылдын 30-июнунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан кабыл алынган.

Убактылуу директордун милдетин аткаруучу К.Калыкуловго «ОшТВ» ТРК ЖЧКсынын учредителдик документтерине белгиленген тартипте өзгөртүү киргизүү жана аны КРнын юстиция органдарында каттатуу тапшырмасы бериген.

Белгилүү болгондой, К.Калыгулов мурда Ош шаардык мэриясынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалап келген.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...