Акыркы макалалар

Накен Касиев: “Бүгүнкү күн мен үчүн бактылуу күндөрдүн бири”

Накен Касиев: “Бүгүнкү күн мен үчүн бактылуу күндөрдүн бири”

Бүгүн Бишкектеги Улуттук китепканада белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Накен Касиевдин “Жашоонун жаркын ирмемдери” аталыштагы китептин бет ачары болуп өттү.

“Адам баласына бакыт деген нерсе бир келет. Бүгүнкү күн мен үчүн бактылуу күндөрдүн бири. Кырк жыл ичиндеги басып өткөн жолдор кыска эле мөөнөт катарында өтүп кетти. Бирок ошол нерсени кичинекей китепке түшүрүп, ошол эле адам тууралуу жакшыбы жаманбы сөздөр, издер калып калса деген ниет менен китеп басылып чыкты. Совет доорунан кийинки 24 жыл ичинде биз көп кыйынчылыкты баштан өткөрдүк. Ошол нерсенин баары көз алдымда турат. Бул 24 жыл мага 24 күндөй өтүп кеткенсиди. Ошол элестин бардыгы ушул китепке жазылды. Ал эми бүгүнкү өтүп жаткан жыйын мен үчүн, балдарым үчүн күч берет, кубат берет”,- деди өз сөзүндө Н.Касиев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...