Акыркы макалалар

А.Жапанов: “Республиканын алыскы айыл жергесиндеги мектептерде орус тили сабагынын саатын көбөйтүү керек”

Баткен облусундагы жана башка алыскы аймактардагы мектептерде орус тили сабагынын саатын көбөйтүү керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйында Кыргыз-орус славян университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Аттокур Джапанов билдирди.

Анын айтымында, учурда медициналык окуу жайга тапшырган кыргыз мектептен келген айрым бүтүрүүчүлөр орус тилин жакшы билбегендиктен сабактарынан кыйналат. Натыйжада окуу жайдан четтетилип жатат. Эгер бул көрүнүш улана берсе мамлекет келечектеги генийлерден куру калат.

“Чындыгында азыр биз кесипкөй дарыгерлерге муктажбыз. Медициналык окуу жайга тапшырган Баткен облусунан, республиканын түштүк, түндүк жергесинен келген айрым улан-кыздар окуу жайга өз күчтөрү менен өтөт. Тилекке каршы сабактын баары орус тилинде болгондуктан алар айрым терминдерди түшүнө албай, кыйналышат. Натыйжада алар окууну таштоого аргасыз болууда. Ошондуктан мектеп окуучуларына жумасына жок дегенде 6 саат орус тилинен сабак өткөрүлүп туруусу зарыл. Ошондо бардык студенттердин деңгээли бирдей болуп, чыныгы таланттуу, жигердүү эмгектенген адистердин чыгуусуна шарт түзүлөт. Айыл жергесинде дарыгерлердин саны көбөйөт”,-дейт А.Жапанов.

Ошондой эле ал өз сөзүндө кыргыз тили дагы абдан маанилүү экендигин белгилеп “Медициналык орусча-кыргызча, кыргызча-орусча түшүндүрмө сөздүк” аталышындагы 2 томдон турган китепти жана кыргыз тилинде “Медицина энциклопедиясы” аталышындагы эмгектери жарыкка чыккандыгын кошумчалады. Бул эмгектер кыргыз тили менен медицинанын айкалыштыгын даңазалайт.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...