Акыркы макалалар

Вице-премьер-министр «Реемтсма Кыргызстан» ишканасындагы абал менен таанышты

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль өзүнүн жабылышы тууралуу жарыялаган «Imperial Tobacco Group» (ITG) эл аралык компаниясынын «Реемтсма Кыргызстан» фабрикасына барды.

Компания жетекчилигинин айтымында, жабуу тууралуу чечим компаниянын өндүрүштүк-финансылык ишин, жалпысынан дүйнө боюнча бардык ишканалардагы өндүрүштүк кубаттуулугун натыйжалуу пайдалануу жагын кеңири талдоого алган соң кабыл алынган. Мындай жабуу тууралуу чечим үстүбүздөгү жылы Британиядагы ITG тобунун ири компаниясы эсептелген Ноттингем шаарындагы жана Франциянын Нанте шаарындагы фабрикаларга карата да кабыл алынган.

Бишкектеги фабриканы жабуунун негизги себеби катары анча чоң эмес өндүрүш муктаждыгында ашыкча өндүрүштүк көлөм орун алгандыгы деп табылды.

Вице-премьер-министр фабрикадагы абал менен таанышып чыгып, компания жетекчилигин фабрика жабылышына байланыштуу жумуштан бошотулган кызматкерлер туурасында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык кам көрүүгө чакырды.

Ошондой эле Валерий Диль белгилегендей, компанияга тийиштүү жабдуулар алынып чыккан соң, фабриканы кайрадан профилдештирүү боюнча маселе каралат.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...