Акыркы макалалар

Кыргызстанда террористтик уюмдар менен байланышкан 15 факт аныкталган

Бүгүнкү күнгө карата укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстанда террористтик уюмдардын ишмердиги менен байланышкан 15 факт аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда өткөн маалымат жыйында ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Рыскулбек Жапаркулов билдирди.

Анын айтымында, аталган уюмдар Кыргызстандын жарандарын Сириядагы, Афганистандагы жана Пакистандагы куралдуу жаңжалдардын аймагына тартуу, жалдоо жана жөнөтүү менен иштешет. Ал эми, 8 факт боюнча кылмыш иштери козголгон, калган фактылар боюнча кошумча ыкчам-иликтөө текшерүү иш чаралары жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...